Стоматология борбору энергияны үнөмдөөгө багыт алды

Medistom стоматологиялык борбору – KyrSEFF программасынын алкагында имаратты кайра жаңылоо (реновациялоо) үчүн анын энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу менен каржылоону пайдаланган Бишкектеги биринчи клиника. Клиника 2004-жылы түзүлгөн, жылына 12,5 миңден ашык пациентти кабыл алат, анын кардарлары дайыма өсүп турат. Келечекте бул стоматологиялык борбор азыркыдан үч эсе көп бейтаптарды кабыл алууну белгилеген жана бул максатты ишке ашыруу үчүн бейтапкананын […]