Заманбап ыкмада иштөө үнөмдөөгө алып келет

Кыргызстан суу ресурстарына бай, бул байлык сактап калууга татыктуу. Сууну пайдалануунун эффективдүүлүгү жана пайдаланылган сууларды туура тазалоо тууралу Чуңкурчактагы этнографиялык “Супара” комплексинин ээлери дайыма кам көрүп келишет. 2019-жылдын сентябрында KyrSEFF программасынын алкагында жыл бою 450-500 конокко чейин кабыл алган мейманкана комплексинин алдында пайдаланылган сууларды тазалап туруучу курулма жаңыланган. «Биз пайдаланылган сууларды тазалоочу мурдагы курулмалардын сапатына […]