
Medistom стоматологиялык борбору – KyrSEFF программасынын алкагында имаратты кайра жаңылоо (реновациялоо) үчүн анын энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу менен каржылоону пайдаланган Бишкектеги биринчи клиника. Клиника 2004-жылы түзүлгөн, жылына 12,5 миңден ашык пациентти кабыл алат, анын кардарлары дайыма өсүп турат. Келечекте бул стоматологиялык борбор азыркыдан үч эсе көп бейтаптарды кабыл алууну белгилеген жана бул максатты ишке ашыруу үчүн бейтапкананын аянтын 700 чарчы метрге чейин кеңейтүү каралган. Бул үчүн эки эски имаратты ремонттоп, аны стоматологиялык процедураларды жүргүзүүгө ылайыктоо керек.
Чынара Амантурова жолдошу экөө бул клиниканы жетектейт. Алар өнөктөш “Оптима” банкка кредит алуу үчүн кайрылганда, аларга имаратты жаңылоо, аянтты кеңейтүү иштерин гана жүргүзбөстөн,инновациялык технологияны пайдалануу менен имараттын энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн да пайдаланууну сунушташкан. Мындай долбоор KyrSEFFтин туруктуу энергияны каржылоо программасынын критерийлерине шайкеш келет. “Бизге идея жакты, биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну чечтик. Башкысы, биздин долбоорду пландоого жана ишке ашырууга кошумча кыйынчылыктарды жараткан жок, анткени, KyrSEFFтин кеңеш берүүчүлөрү бизге оптималдык технологияларды, жабдуучуларды (поставщиктерди) сунушташты”,-дейт Чынара Амантурова.
Стоматологиялык борбор 80-жылдардын аягында курулгандан бери дегеле жылытылбаган эскирген имараттарда жайгашкан. Долбоордун жаңылоо боюнча алкагында, имараттын бири акыркы кышына чейин таланып кеткен, ал эми экинчисинин аянты фасад куруу менен кеңейтилген. Клиникадагы энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн дубалдары, чатыры жана таманы (пол) жылууланып, энергияны сактоочу терезелер салынган, LED-жарыктандыруу жана эффективдүү жылуулук насостору киргизилген, сууну үнөмдөөчү раковина, душ, унитаздар салынган.
«Биз KyrSEFFтин биздин долбоорду колдоосуна абдан ыраазыбыз. Өтө жылуу жана жарык болуп калды! Албетте, бул бардык жакшыруулар биздин кызматчылардын иштешине, ошондой эле пациенттерге жайлуу, оңтойлуу болушуна ийгиликтүү эффект алып келет», – деди Чынара Амантурова.
Жасалган иш-чаралардын баары бул имаратты пайдалануучулардын жайлуулугун жогорулатуудан тышкары, клиниканын энергоэффективдүүлүгүнүн көрсөткүчүн көрүнөөрлүк жакшыртты: жылдык энергия үнөмдөө эми 82,9 Мвтч, а сууну үнөмдөө – 859,8 м3ду түздү. Парниктердин газ бөлүп чыгаруусу жылына 5,6 тонна CO2- эквивалентке кыскарды. Мындай жогорку экологиялык көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн зайым алуучуларга, мурда берилген кредиттердин 15%ына барабар болгон кошумча грант Европалык Союздан берилди.