Компаньон Банкы

2004 жылы «Компаньон Финансылык Группасы» катары негизделген «Компаньон Банкы» ЖАК , институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн жана бүгүнкү күндө 6,7 млрд сом активдери жана 1,6 млрд сом уставдык капиталы менен туруктуу банк болуп саналат. Компаньон Банкынын бизнести өнүктүрүү боюнча банктык продуктыларды жана кызматтарды сунуштоодо уникалдуу интеграцияланган ыкмасы Кыргызстандын элине жаратылыш ресурстарына жана өндүрүш активдерине этноэкологиялык мамилени колдонуу менен

берекелүү турмуш деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Компаньон Банкы финансылык рынокто бир кыйла кеңейди: 2017 жылдын январь айынын аягындагы абал боюнча, өлкөнүн бардык региондоурнда банктын 96 миң кардарлары, миңден көп кызматкерлери жана 109 бөлүмдөрү бар. Эл аралык бейөкмөт уюму Боорукердик Корпусу (Mercy Corps), Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонду бактын акционерлери болуп саналат.