Динара Азимбекованын үй-бүлөсү бир нече жыл мурун Ош шаарынан аянты 100 чарчы метрди түзгөн жер там сатып алышкан. Үй эски ыкма менен курулгандыктан, кыштын келиши менен ал жакта бир-эки жума жашаган соң, үй-бүлө көп кабаттуу үйдөгү жылуу батирине кайтууга аргасыз болгон.

“Күнүнө 5-6 чака көмүр менен жылытып жаттык, бирок изоляциясы жок үй өзүнүн кесептетин көргөздү. От жагып турбаса үй дароо муздап баштачу. Мунун себеби жылуулуктун эски жыгач терезелерден, жылууланбаган полдордон, дубалдардан жана шыптардан чыгып кетүүсүндө экендигин түшүндүк. Жай мезгилинде дагы  абал жакшы болгон жок, дубалдардын тез ысып кетүүсүнөн улам үйдүн ичи абдан ысык жана үп болуп кетчү. Ошондуктан биз жылуулук изоляциясы менен капиталдык оңдоп – түзөөнү чечтик”, – дейт Динара Азимбекова.

KyrSEFF туруктуу энергетикалык каржылоо программасынын 1 000 000 сом өлчөмүндөгү каржылык жардамы менен Динара эже терезелерди (энергияны үнөмдөгөн айнек блоктору бар 5 камера), тышкы дубалдарын (көмүртек 5 см), полун (көмүртек 5 см) жылуулады, шып (минералдык пахта 10 см) жана күбөлөндүрүлгөн меш орнотту.

«Жылуулук изоляциясы жүргүзүлгөндөн кийин, энергияны үнөмдөөчү терезелер, сертификаты бар от казан орнотулгандан баштап, абал түп-тамырынан өзгөрдү. Азыр өзүбүз айткандай “Термос үйүбүз” жылытылбаса дагы жылуулукту кармап турат. Бардык бөлмөлөр ыңгайлуу температурада болгондуктан, кышында жеңил киймчен эле жүрдүк. Жылуу үйдө жашоо кандай гана сонун ырахат тартуулайт, ал тургай маанайын дагы жакшырат экен ”,- деп кубанычы менен Динара Азимбекова бөлүшүп өттү.

Ийгиликтүү жүзөгө ашырылган энергияны үнөмдөөчү долбоор үчүн Динара Азимбекова Европа Бирлигинен 2606,96 АКШ доллары өлчөмүндө грант алууга жетишти.

Бүгүнкү күндө Динара эженин изоляцияланган үйү жалпы коңшулар үчүн мыкты мисал болууда, жана дагы анын үйүнө келген бардык кошуналар, достор жана туугандары өзүлөрүнүн үйлөрүнө дагы энергияны үнөмдөөчү чараларды киргизүүнү эңсешүүдө, бул өлкөнүн түштүгүндө энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүүгө жана экологиясын сактоого белгилүү салым кошууда.

KyrSEFF консультанттарынын айтымында, үй ээси ишке ашырган иш-чаралар жыл сайын электр энергиясын 55,478 кВт/саатка үнөмдөөдө жана CO2 нин көлөмүн жылына 37340 килограммга азайтууда.