Ош шаарынын тургуну Тимур Ибраимов көп жылдан бери  заманбап талаптарга жооп берген италия ашканасындагы  ресторанын ачууну кыялданып келген.

“Ош шаарында көп түрлүү коомдук тамактануу жайлары бар. Андыктан италия ашканасы менен ресторан ачууну көптөн бери ойлоп жүргөм. Көп жылдан берки  досум – Бишкектеги Dolce Vita ресторандар тармагынын ээси Джорджио Фонтананын колдоосу менен үч жыл мурун кыялымды орундата алдым. Белгилей кетүүчү нерсе, биз тамак-аш үчүн 50% азыктарды (макарон, пицца соустары ж.б.) Италиядан импорттойбуз. Оштун тургундары  жана коноктору бул жаңылыкты кубаныч менен кабыл алышты, бүгүн биздин ресторыбыздын гурмандары жана туруктуу кардарлар бар, мен бул нерсеге  чексиз кубанычтамын “- дейт Тимур Ибраимов.

Сүйлөшүүдө Тимур ресторандын үч кабатту имаратта шашылыш түрдө ачылганын, анын биринчи кабаты иштебегендигин жана пиво чыгарганга ылайыкталганын айтып өттү. Имарат мурда жылууланган эмес, ошондуктан аны жылытууга көп акча коротулган, бул баштапкы бизнес үчүн өтө кымбатка эле. Мындан тышкары, суу менен камсыздоо дагы үзгүлтүккө учураган учурлар болгон. Ошондуктан, ресторандын эл аралык стандарттарга шайкештиги жөнүндө айтуу мүмкүн эмес эле жана дагы  ресурстарды үнөмдөөгө алып келе турган инновациялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн инвестиция талап кылынган.

Ресторатордун өздүк каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу, ишкер KyrSEFFтин туруктуу энергетиканы каржылоо программасынан 85 577,61 АКШ доллары өлчөмүндөгү насыялык колдоо алууну чечкен.

Натыйжада, “жашыл инвестициялар” энергияны үнөмдөөчү чечимдердин бардык комплексин ишке ашыруу үчүн колдонулган.

“Комплекстүү энергияны үнөмдөөчү долбоорду жүзөгө ашырууга чейин электр энергиясын колдонууга гана айына 140 000 сомго чейин акча коротчумун. KyrSEFFтин каржылык колдоосунун жардамы менен мен светодиоддук лампаларды, суу сактоочу бактарды, суу эсептегичти жана фильтрди, ВРС- системасын (жылытуу, муздатуу, желдетүү) орнотуп, биринчи кабатын жылуулап, акыры Германияда чыгарылган пиво жасоого жабдыктарды (Schulz Brewery) койдурттум. Бүгүнкү күндө эле электр энергиясына болгон жеке чыгымдар айына 80 000 сомго чейин төмөндөтүлүп, бардык кабаттар жылуу жана ыңгайлуу болуп калды ”, – деп бөлүшүп өттү Тимур Ибраимов.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, Dolce Vita ресторанында жүзөгө ашырылган иш-чаралар канааттандырарлык деп табылып, энергияны үнөмдөө боюнча бардык талаптарга жооп берген. Учурда Тимур Ибраимов керектүү документтерди KyrSEFF командасынын кароосуна тапшырды жана Европа Биримдигинин грантын күтүүдө.

KyrSEFF консультанттарынын эсептөөлөрү боюнча, энергияны үнөмдөө боюнча иш-чаралардын натыйжасында  ишкер жылына 184 МВт / саат көлөмүндө энергияны үнөмдөп, жылына зыяндуу CO2 атмосферага  чыгарылышын 10,4 тоннага чейин кыскарткан, ошондой эле жылына 1814 м3 көлөмүндө сууну үнөмдөйт.