
Ош шаарынын тургуну Айнагүл Насырованын үйү 1993 жылы курулган. Үйдүн дубалдары керамзитобетондуу бөлүктөрдөн тургузулуп, 150 чарчы метр аянтты ээлейт. Курулуш учурунда жылуулоо иштери эске алынбагандыктан кышкысын суук болуп, жайкысын аптаптуу ысык ыңгайсыздык жаратчу. Мындай шарттарга көнүп калган үй бүлө,эч нерсени өзгөртүүнү деле ойлонушкан эмес.
Бирок 2020 жыл каарманыбыз үчүн өзгөрүүнүн жылы болду, өзгөрүүгө Айнагүл эженин Бишкек шаарында жашаган эжелери бирден бир себеп болгон. Каарманыбыздын эжелери KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасы аркылуу энрегоүнөмдөө иш- чараларын аткарышып, жашоо шарттары үчүн бир топ ынгайлуулуктарды түзө алышкан.
Бир туугандарынын тажыйрбасынан таасирленген каарманыбыз KyrSEFF программасынын өнөктөш банктарынын бирине кайрылган.
“90- жылдары үйүбүздүн курулушу жүрүп жаткан учурда жылуулоо боюнча маалыматтар дээрлик жок эле. Ал убакта термаизоляция каражаттарын колдонуп, энергонатыйжалуу терезелерди орнотуу менен кышкысын жылуу үйдө жашоо мүмкүн экендиги оюбузга дагы келген эмес. Мурда үйдү жылуутуга 6 тоннадай көмүр жумшасак, учурда чыгымдар бир топ азайгандыгын байкадык. Ар жылы жылууланбаган муздак үйдү жылытууга көп чыгым короткондун ордуна, бир жолу энергонатыйжалуу үй курууга аянбай инвестиция кылуу керектигин түшүндүк”, – деп бөлүшүп өттү Айнагүл айым.
Оңдоп түздөө иштери башталар алдында, Айнагүл эженин үйүндө KyrSEFF программасынын түштүк регионундагы адиси Нурлан Ирисов болуп, ал курулуш конструкциялары менен таанышкан. Биздин адисибиз үй ээсине аткарылчу иштер жана колдонуулучу каражаттар боюнча кеңештерин берип кайткан. Жыйынтыгында үйдүн тышкы дубалы калыңдыгы 30 мм пеноплекс менен жылууланган, 5 камералуу энергонатыйжалуу терезелер орнотулуп жана кире беришке жылууланган эшик коюлган. Ал эми шыпты жылуулодо 100 мм плита колдонулса, пол 30 мм пеноплекс менен жылууланган. Жогоруда айтылган иштерден сырткары жылуулук системасы үчүн сетификациадан өткөн, жаңыланган меш сатылып алынган.Колдонулган каражаттардын баардыгы жарактуу материал жана жабдуулардын тизмесинин талаптарына жана нормаларына жооп берет.
“Эгер биз мурда үйлөрдү жылуулоодогу жаңы технологиялар менен тааныш болгонубузда, акыркы 20 жылдагы жашообуз башкача болмок экенин түшүндүк. Районубуздагы көпчүлүк турак жайлардын энергоүнөмдөө ченемдери жок курулгандыгы кейитет. Жарандар өз жашоосу үчүн жеңилдиктерди түзө албай жаткандыгынын эң башкы себеби – маалыматтын аздыгы. KyrSEFF сыяктуу иновациалуу программанын жардамы менен көптөгөн кыргызстандыктар жашоо шарттарына ыңгайлуулук түзө алышты. Биздин көчөбүздө дагы көптөгөн жаңы үйлөр курулууда жана биздин энергоүнөмдүү үйүбүзгө кызыккан кошуналарыбыз саны арбыды.Алардын арсында үйүбүздө аткарылган энергонатыйжалуу иштер менен келип таанышып, кетип жаткандары дагы бар. Балдарыбыздын баардыгы бой жеткен, алардын балалыгы муздак уйдө өткөндүгү мени өкүндүрөт, жакында эле уулубуз үйлөндү буюрса неберелерим жылуу, жайлуу үйдө чоңоет деп сүйнүчүзгө чек жок”, – дейт маңдайы жарыла сүйүнгөн кожойке.
Кошумчалай кетүүчү нерсе Айнагүл Насырова үй жылуулоого 800 000 сом инвестиция жумшап, аткарылган натыйжалуу иштери үчүн Айгүл эже Европа Биримдигинен грант катары 1,988.48 АКШ доллар ала алды. KyrSEFF адистеринин маалыматы боюнча ийгиликтүү аткарылган энергоүнөмдөө иштеринин натыйжасында энергия 36,779 кВтс/ж азайып, ал эми СО2 226,363 кг кыскарган.