
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасы 2020-жылдын аягында Кыргыз Республикасында энергияны жана ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “жашыл” долбоорлор менен иштөөнүн мыкты көрсөткүчтөрүн көргөзө алган өнөктөш банктарынын (Демир Кыргыз Эл аралык Банкы, Кыргыз Инвестициялык жана Кредиттик Банкы (KICB), ААК “Оптима Банк”, ЖАК “Компаньон Банк”, ЖАК “Биринчи МикроФинансылык Компания”) насыя адистеринин ортосунда улуттук сынактын жыйынтыгын чыгарды.
Эске сала кетсек, 2013-жылы Европа Биримдиги жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы насыялык куржуну 55 миллион АКШ долларын түзгөн KyrSEFF программасын ишке киргизди. Европа Биримдиги программанын алкагында энергияны жана ресурстарды үнөмдөө иш-чараларын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу жана бекер техникалык колдоо көрсөтүү үчүн 16 миллион евро грант бөлгөн.
Программа ишке киргенден баштап (2013-2020-жылдар) биздин республиканын 163 бизнес-субъекттери, 24 көп кабаттуу үйлөрү жана 2994 тургундары энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык колдоого ээ болушту. Жалпысынан, бул 3181 долбоор, алардын жалпы суммасы 50,37 млн АКШ долларын чапчыган.
KyrSEFF программасынын алкагында долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өнөктөш банктар аркылуу жүргүзүлөт. Насыячыларга жаңы “жашыл” өнүмдү жайылтуу, энергияны үнөмдөө, жашоо сапатын жакшыртуу жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча оңой эмес тапшырма берилди. Бүгүнкү күндө KyrSEFF өнөктөш банктарынын насыя адистери үйдү жылуулоо үчүн энергияны үнөмдөөчү материалдарга болгон талаптарды жетиштүү деңгээлде билишет, ишкерлерге энергияны үнөмдөөчү жабдууларды орнотууга, суу тазалоочу курулмаларды жана башка калыбына келүүчү энергия жабдууларын колдонуунун актуалдуулугу жана инвестиция кылуунун артыкчылыктары жөнүндө айтып бере алышат деп ишенимдүү айта алабыз.
«Насыя адистери “ жашыл ” технологиялар жаатында билимин жогорулатуу жана ушул багытта насыя берүү боюнча кардарлар менен иштешүүгө жардам берүү боюнча KyrSEFFтин тренингдеринен үзгүлтүксүз өтүп келишти. Банк кызматкерлеринин арасында ушундай сынакты уюштуруу менен KyrSEFF программасы банк кызматкерлерине сыйын билдирет, себеби алардын ар бири өз жөндөмүнө жараша калктын энергияны үнөмдөө маданиятын калыптандырууга жана каржылык сабаттуулугун жогорулатууга салым кошушту », – деди долбоордун жетекчиси Нурзат Абдырасулова.
Улуттук конкурс эки номинация боюнча өз ишинде мыкты натыйжаларды көрсөткөн, эмгекчил насыялык адистерди аныктоого мүмкүндүк берди:
- “Турак жай долбоорлору” категориясында “Мыкты насыялык адис”
- “Бизнес долбоорлор” категориясында “Мыкты насыялык адис”
Жыйынтыгында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа Биримдиги жана KyrSEFF өкүлдөрүнөн турган сынак комитети ар бир өнөктөш банктан 2 катышуучудан – 10 жеңүүчү аныктап, аларга дипломдор жана баалуу сыйлыктарды тапшырышты. Ошону менен бирге 20 насыя кызматкери ыраазычылык кат жана белектер менен сыйланышты.