
Кыргыз Республикасында жүздөгөн ишкер субъекттер жана үй чарбалары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Мүдүрлөр кеңеши тарабынан бекитилген жаңы каржылоо программасынын аркасында өз өндүрүшүн модернизациялоо, климаттын өзгөрүшүнө натыйжалуулукту жана туруктуулукту жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кыргыз Республикасында туруктуу энергияны каржылоо программасынын III (KyrSEFF III) алкагында өлкөдөгү чакан жана орто бизнести жана үй чарбаларды насыялоо үчүн өнөктөш банктарга жана финансылык институттарга 50 миллион долларга чейинки суммада акча каражаттары жөнөтүлөт. Ошондой эле аталган программа энергияны үнөмдөөчү технологиялардын маалымат базасы болгон жана KyrSEFF веб-баракчасында жайгаштырылган Жашыл технологиялардын селектору онлайн платформасында катталган материалдарды жана жабдууларды жеткирүүчүлөргө жана өндүрүүчүлөргө каржылоону сунуш кыла алат.
KyrSEFF III программасы 2012-2022-жылдар аралыгында Европа Биримдигинин колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырылган жалпы суммасы 55 миллион АКШ доллары болгон ага окшош каржылоо программаларына (KyrSEFF I & II) негизделген. Бул программалардын алкагында каржыланган 3500дөн ашык долбоор жылына 200 000 МВт/ саат энергияны, 153 600 м3 сууну үнөмдөөгө жана жылдык СО2 эмиссиясын 67 000 тоннага чейин кыскартууга жардам берген.
Мурунку программалар негизинен энергетикалык жана ресурстук натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган, ал эми жаңы программа өзүнүн иш-аракет чөйрөсүн кеңейтүүдө. Аталган программа климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жана ыңгайлашууну колдогон жаңы инклюзивдик каржылык өнүмдөрдү киргизүүгө, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга жана сууну сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшүүгө багытталган.
“Биз Кыргыз Республикасында үчүнчү “жашыл” каржылоо программасынын ишке ашырыла баштаганын кубаныч менен билдиребиз. Акыркы он жылдын ичинде ЕРӨБ, биздин өнөктөш банктар жана бийлик бул программалардын өлкөнүн экологиялык келечегине өбөлгө түзгөн пайдалуу инструмент болуусуна жардам берди”, – деди ЕРӨБдүн Кыргызстан, Тажикистан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Айтен Рустамова.
Жаңы программа АКШ долларында да, кыргыз сомунда да каржылоону караштырып жатат жана Кыргыз Республикасындагы энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты жана энергия сыйымдуулугун азайтууга жардам берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле аталган программа суу-энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги, кыртыштын эрозиясы жана деградациясы, гидрологиялык мүнөздөмөлөрдүн өзгөрүшү сыяктуу актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.
Акыркысы климаттын өзгөрүшүнөн катуу жабыркаган өлкө үчүн маанилүү.
ЕРӨБ бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасында 213 долбоорго 922 миллион евро инвестициялаган, инвестициянын басымдуу бөлүгү жеке ишкердикти колдоого багытталган.