Көп батирлүү имаратттар жана көп
үй-бүлөлүк турак жай

Көп батирлүү имаратттар жана көп үй-бүлөлүк турак жай

Инвестиция тартып келүүчү жеке батирлердин ээлеринин тобу жана энергия менен камсыздоо мекемелери көп батирлүү имаратты кайра курууга жана энергия натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн насыя алууда 35% га чейин грант алууга жетише алат.

Кредиттер жана гранттар көрсөтүлгөн материалдар жана жабдуулар тизмесине туура келген технологияларды же KyrSEFF+ тарабынан бекитилген башка чараларды каржылоого берилет. Мисалы:

  • Эки же үч кабат айнектелген терезе.
  • Заманбап терезелер жана лоджий менен балкондору жылуулоо.
  • Дубалдарды, чатырды жылуулоо, жылууланган эшикти орнотуу.
  • Термостаты орнотуу.
  • Натыйжалуу аба желдеткичтери.
  • Күн нуру менен суу жылыткычтары
  • Натыйжалуу жылытуу мештери

Долбоордун энергия үнөмдөө жана ресурстарды сактоого таасир жок компоненттер, бирок алар негизки иш-чараларга тиешелүү болсо, KyrSEFF+ насыясына киргизилиши мүмкүн жана долбоордогу компоненттердин 50%га чейинки наркын камтыганга мүмкүндүк бар. KyrSEFF+ жеке адамдар, үй-бүлөлөр жана турак жай үчүн жөнөкөй тартибин сунуштап, энергияны үнөмдөдөн болгон артыкчылыктарын жетүүгө мүнкүндүк берет.

Насыялар жана гранттык каражатардын максималдуу пайдалануусу үчүн KyrSEFF+ программасындагы насыя жана грантар алдын-ала бекитилген жабдуулар жана чечимдерге багытталган. Алдын ала бекитилген жабдуулардын тизмеси биздин сайта “уруксат берилген материалдар жана жабдуулар тизмесинен” караганга мүнкүндүк бар. Бул типтеги инвестиция үчүн KyrSEFF+, программасы насыянын суммасынын 20% чейинки гранттарды берет. Гранттын суммасы төмөнкү таблицадагы иш чаралардын түрлөрүнө жараша чектелген:

 
Уруксат берилген иш-чараларЖашоочулардын тобу/үй ээлериКондоминиум/Менчик турак жай ээлеринин бирикмеси жана тийиштүү комерциялык уюмдар
Калыбына келтирүүЖаңы имарат
Имараттагы жылуулукту сактоо25%30%20%
Жылытуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу20%25%15%
Энергиянын кайра жанылануучу булактары жана сууну үнөмдөө25%30%20%
Жогоруда эки көрсөтүлгөн чаралардын айкалышы30%35%25%

Жаңы көп баатирлүү имараттар

Жаңы жана курулуп жаткан имаратар дагы KyrSEFF+ программасы тарабынан 100 000 АКШ доллар суммасына чейинки жана 35% га чейинки грант ала алат, грант, имараттын расмий уруксат алгандан кийин / же тийиш пайдаланууга уруксат бар болсо кана төлөнөт. Энергиянын эффективдүү пайдаланууну жогорулатуучу инвестицияларды (мисалы, терезе, жылуулоо, жылытуучу системалар жана меш, кондиционер ж.б. ) ишке ашыруу насыя алуунун негизги критерии болуп саналат. Аткарылган иш-чаралар жергиликтүү курулуш талаптарын жогорулатууга шарт түзүшү зарыл. Биздин эксперттер командабыз кызыккан тараптарга жакшыртууну үчүн керектүү инвестицияны аныктоого боюнча жардамын көрсөтөт.

Курулуш деңгээлинде KyrSEFF насыя жана грантын алууга кимдердин мүмкүнчүлүгү бар?

  • Жекече турак-жай ээлеринин тобу, турак-жай ээлеринин ассоциацисы, кондоминиумы
  • Курулуш жана турак жай башкаруучу компаниялар, имараттын ээлеринин атынан долбоорду ишке ашыруучу башка компаниялар
  • Өнөктөш банктар тарабынан кабыл алынган инвесторлор

Учурда даяр турак-жай имараттары жана батирлердин ээлеринин уюмдары үчүн

Учурда даяр турак-жай имараттары жана батирлердин ээлери уюмдары үчүн,ошол эле жеке турак-жайларга болгон талаптар (төмөндө карагыла), себеби, топтун ичиндеги ар бир менчик ээси өз алдынча KyrSEFF+ насыясысын алууга арыз бериши керек. Эгерде сиз күмөн болуп жатсаңыз, сураныч, биздин KyrSEFF+ командасына кайрылыңыз.

Долбоорду даярдоо

Сиз ишке ашыруучу иш-чаларадын, ошондой эле сиз колдоно турган материалдар менен жабдуулардын тизмегин түзүңүз. Ыңгайлуулук үчүн биздин адистер тарабынан KyrSEFF+ талабына төп келген жогорку сапаттагы материалдар жана жабдуулардын тизмеси иштелип чыккан. Эгер сиз башка материалдарды жана жабдууларды пайдаланууну кааласаңыз, биздин адистер менен байланышсаңыз, аларды KyrSEFF+ тизмесине киргизүү үчүн мүмкүнчүлүккө баа берет.

Эгер сиздин үйүңүзгө кандай чечим туура болоору түшүнүктүү болбой жатса, KyrSEFF +командасы менен байланышып, акысыз кеңеш алыңыз.

Сиз тандаган жабдуулар менен камсыз кылуу жана аны орнотууга, жана алдын ала сунуш ала турган компания менен байланышыңыз. Жабдууларды сатуучулардын жана подрядчылардын тизмеси бул жерден  тапсаңыз болот.

Насыя алуу

Өзүңөр тандаган өнөктөш банктарга кайрылгыла жана кайрылуунун стандарт формасын толтургула. Бул кайрылуунун формасын жеткирүүчүнүн сунуштары же алдын ала түзүлгөн аткаруучу иш чаралардын сметасын жана башка керектүү өнөктөш банктардын сайтында көрсөтүлгөн документтер менен банкка бериңиз. Банк Сиздин кайрылууңузду насыя алуу мүмүкүнчүлүгүнө текшерип бизге жөнөтөт.

Биздин консалтинг командабыз Сиздин долбооруңузга киргизилген энергия натыйжалуулук иш чараларын баалап банкты долбоордун колдоого болору жөнүндө билдирет. Мындан кийин Сиз келишимге кол коёсуз, насыяны аласыз жана долбоорду ишке ашырууга киришесиз.

KyrSEFF + өнөктөш банктардын кредиттик бекитүү учурунда жана шарттары (ипотека, насыя күрөөсүз, пайыздык чендер жана төлөө шарттары) эч кандай таасир жок экендигин белгилей кетүү керек.

Грантты алуу

Долбоор аткарылып буткондон кийин, оноктош банктарга (4 айдын ичинде) тастыктай турчу финансылык документтерди тапшыруу абзель (документтердин негизги турлору; Закупочный акт сатуучунун патенти менен бирге, Келишим аткарылып буткон Аты менен бирге, квитанция ж.б.,) ушул сыяктуу документтерди банк адистерине тапшыруу менен грант алууга арызынызды беруунуз керек.

Биздин консалтинг командасы сиздин долбоордо энергиянын натыйжалуулугу боюнча колдонуучу чараларды баалайт жана долбоордук укугунан банкка билдирет. Андан кийин, сиз, насыялык келишимге кол коюп насыя каражаттарын алып долбоорду ишке ашырасыз.

KyrSEFF+ долбоорунун текшерүүчү адистери тарабынан кардарлардын документтерин текшерүүдө, энергоүнөмдүү ыкмаларын тандап гранттын өлчөмүн тастыктайт, жана гранттын өлчөмүн Банк адистерине жооп берүнүн алдында аткарылган долбоорлордун арасынан тандалма түрдө 10% түзгөн долбоорлор текшерүүгө алынып, ыкмалар текшерүүдөн өткөндөн кийин гранттын нак өлчөмү тууралу жооп беришет. Банк кардарга 1,5 – 2 ай арасында тапшыруусун аныктайт.

Жаңы көп батирлүү имараттар жана юридикалык жактар үчүн

Жаңы турак жайлар жана юридикалык жактар үчүн (курулуш компаниялар) бизнес-долбоор, окшош процесси аткарылат (төмөндөн караңыздар). Эгерде күмөн болсоңуз, жардам берүү үчүн KyrSEFF+ командасына кайрылсаңыз болот, биздин команда сиздин өтүмүңүздү, сууролорунузга жардам берүүгө даяр.

Билдирмеңизди толтуруп бизге Бизнес-проект каттары өнөктөш банктардын бирине жөнөтүңүз же KyrSEFF+ программасынын командасына байланышыңыз.

Жаңы көп турак-жай куруу үчүн кимдер насыя ала алат?

Жаңы турак-жай курууга, KyrSEFF+ насыя жана грант алу үчүн компаниялар же ишкерлер төмөнкү критерийлерге жооп берүүсү зарыл:

  • Жеке менчикте 51% кем эмес
  • КР мыйзамынын негизинде түзүлгөн жана иштеген
  • Өнөктөш банктардын талабына ылайык насыя алууга жараган жана коммерциялык даремети бар (рентабелдүү)
  • Улуттук айлана чөйрөнү коргоо стандарты, ден-соолук жана коопсуздукту сактоонун талабына ылайык иштеген
  • ЕӨРБ-нын айлана чөйрө багытында колдоого алынбайт деп эсептелген тизмесиндеги кандайдыр бир иш чараларга катышпаган