Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан  ОсОО «Келечек» – Кыргызстан курулуш тармагында жыйырма жылдан ашун иштеп келет. Аталган компания көп кабаттуу үйлөрдү жылулоонун автоматташтыруу тутумун орнотууга багытталган иштерди жүргүзүү менен пластикалык терезелерди жасоону  колго алган.

Компаниянын директору  Джолдошев Таалайбектин айтуусунда аймакта пластикалык  терезелерге болгон суроо талап анчейн көп эмес өзгөчө мезгилдик мүнөзгө ээ болуп келет:

Жазында же күзүндө гана тапшырыктарды алабыз.Ошондон улам биз бул ишкананын филиалын Бишкек шаарында ачууну көздөгөн элек. Бул тилегибиз 2018-жылы ишке ашты. Аны заманбап ыкмаларга таянуу менен сапаттуу курууну кыялданып көптөгөн  сунуштарды карап көрдүк.

Өзгөчө энергияны үнөмдөөгө багытталган KyrSEFF уюмунун программасы жаккандыктан биз ушул уюмга  кайрылган элек. Натыйжада  224 295 АКШ долларлык финансалык  колдоо алдык муну менен биздин ишканабыз Туркиялык ишканадан чыккан толук автоматташтырылган пластикалык эшик терезе жасоочу жабдыктарды орното алдык.

Мындан эки ай мурда ишкана толук ишке кирип баштады. Мурда ишканада күнүнө 15 м2 терезе жана 5 м2 эшик жасай алса, учурда ишкананын өндүрүмдүүлүгү артып отурат. Салыштырып көрсөңүздөр азыр күнүнө 300 м2 терезе жана 100 м2 эшиктер жасалып жатат.

Жаңы  ыкмада иштөөгө мүмкүнчүлүк  алган ишканабыз өндүрүлгөн эшик терезенин сапатын жогорулатуу менен анын сатылуу географиясында кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алып отурабыз ишканабызда  кошумча  25 жумушчу орун түзүлдү. Кирешебиз да бир канчага  көбөүйдү.

KyrSEFFтин командасынын эсептөөлөрүнө ылайык биз бул долбоордун эсебинен жаңы жабдыууларды орнотуу менен энергияны пайдалануун жылына 34% же 315,7  Мвтч кыскартып сапатты жогорулатып жатабыз.

Ошону менен бирге  абаны булгоочу зыяндуу газдарды  чыгарууну өндүрүштүн сапатын жогорулатып отуруп жылына  СО2 на 16,3 тоннга азайта  алат экенбиз. Бул биздин экологияга кошкон салымыбыз болуп калат. Бул долбоордун артыкчылыгы  ушунда экен биздин алган  насыябыздын  10%  же 22 429 АКШ  доллары грант катары берилди. Бул жагы да бизге жеңилдик болуп калды.

Тактап айтканда  «Келечек»  ишканасы  ийгиликтин үстүндө десек болот.