
KyrSEFF – туруктуу энергияны каржылоо программасынын колдоосу менен Кыргызстандагы жеке менчик турак-жайлардын ээлери жылуулук насосторун жана күн системаларын орнотушууда.
Айылдагы үй тууралу кыялдар
Барган сайын көптөгөн адамдар батирлерден шаардан алыс эмес жердеги кенен үйгө көчүүнү каалашат. Ушундай максат менен Сагынова Чолпондун үй-бүлөсү Бишкектен алыс эмес жердеги дачалуу район болуп эсептелген Таш-Мойнок айылынан жер участогун сатып алышкан.
Белгилей кетсек, Чолпон өзү курулуш жана архитектура тармагында иштейт. Үйдү куруу иштери бир жыл мурун башталганда, аны башынан кылдаттык менен пландап, сапаттуу материалдар жана заманбап куруу чечимдери менен курууну чечишкен. Бирок бир маселе кыжаалат кылган. Ал жылытуу системасы боюнча суроо ачык бойдон кала берген .
“Биз жылытуу системалардын ичинен натыйжалуу, колдонууга ыңгайлуу жана эң негизгиси бизге кымбат эмес болгонун издегенбиз. Көмүр менен жылытууну дароо эле тизмеден чыгардык. Анткени жылытуунун бул түрү туруктуу көзөмөлдөөнү, күлүн тазалоону, моруна кам көрүүнү жана отун алып келүүнү талап кылат. Андан тышкары биздин райондо газ жок, электр мешин колдонууну эсептесек 200м2 ка абдан чыгашалуу болуп чыкты “,- дейт Сагынова Чолпон.
Жеке турак-жай үчүн заманбап жылытуу ситемасы
2018 жылы уюштурулган “Мамлекеттик курулуштар үчүн энергияны үнөмдөөчү технологиядарды колдонуу” деп аталган семинар учуранда Чолпон жылуулук насосу жана алардын пайдасы жөнүндө маалымат алган. Кийинчерээк KyrSEFF Программасынын офисине тагыраак маалымат алууга кайрылган.
Жылуулук насосу – бул кышында жылуулук менен, жайында муздак аба менен жана жыл бою ысык суу менен камсыз кыла алган автоматташтырылган түзмөк. Адистер белгилегендей, жылуулук насосу колдонууга ыңгайлуу, заманбап, келечекте баардыгы колдонуучу жабдуулардын бири. Бул долбоорго “аба-аба” деп аталган жылытуу насосунун түрү алынган, анын жылытуу кубаттуулугунун коэфициенти COP3.2 барабар. Бул долбоор үчүн мындан жакшы тандоо жок эле.
Жылуулук насосунун энергияны үнөмдөө жолунун себеби жөнөкөй. Үйдүн ээси 1 кВт энергия үчүн гана төлөйт, бирок инновациялык технологиялар аркылуу 3-5 кВт жылуулук алат. Бул абдан натыйжалуу болуп эсептелет.
Күндүн жардамы менен эң жогорку үнөмдөө
KyrSEFFтин инженерлери Чолпон Сагыновага көбүрөөк бекер жылытуу энергиясын алуу үчүн кошумча жылытуу насосуна кун коллекторун колдонууну сунушташты. Мындай шартта максималдуу үнөмдөө жана натыйжалуулука жетишү мүмкүн.
Айтылган системанын негизинде – топтомо көлөмү. Ал күн коллекторунан жана жылуулук насосунан келген ысытылган сууларды топтоп, үйдү ысык суу жана жылылуук менен камсыз кылууга сарптайт.
Үйдун ээсинин айтымында, алар көптөн бери жашоо аянтын кеңейтип, бардык бөлмөлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү кыялданышкан. Бул жылы курулуш иштерин бүтүрүп, жаңы жылуу үйгө көчүүнү пландашууда.
ДОЛБООР ТУУРАЛУ МААЛЫМАТ | ||
---|---|---|
ДАРЕГИ | ТАШ-МОЙНОК, ЧҮЙ ОБЛАСТЫ | |
KyrSEFF | 6 787 АКШ. долл. | |
Сумма гранта | 1 354 АКШ. США. | |
Банк-партнер | KICB БАНК |
ДОЛБООРДУН НАТЫЙЖАСЫ | ||
---|---|---|
Энерргияны сарамжалдоосу | 12,04 МВтс/жыл | |
СО2 кыскартуу | 0,819 тонн/жыл |