Кардар

Алмаз Боталиев

Элдин көбү кирип келген илдеттен качып, карантинге камалып айлалары кете түштү. Антсе да биздин өлкөнүн айыл жеринде иш ыргагы анча бузулбады. Ананчы, жаз жарышы башталган убакта кайсы дыйкан, же малчы үйүндө тынч отурсун.  Жаздын ар бир күнүн пайдаланууга шашат эмеспи.

Ушундай учурда күжүрмөндүүлүктү көрсөткөндөрдүн бири, Ысык-Көл облусунун Тамга айылынын тургуну фермер –дыйкан, Алмаз Боталиев болду. «Бак тик, балага калат»- дешет элибиз. Бабалар сөзүн эсине бекем түйгөн фермердин көздөгөнү жемиш бактарын тигүү болчу. Болгондо да аны сугатынан өксүтпөй бапестеп кароо керек. Анда заманбап ыкмаларга өтүү туура болот деген пикирде иш баштады. 3.15 гектар жерди ээлеп ал жерге 1500 даана абрикостун көчөттөрүн отургузду, COVID-19 пандемиясы кыргыз эли гана эмес дүйнө элдеринин үшүн алып турса да келечегине жаркын үмүт менен караган багбан өз ишине батыл киришти.

Өлкөбүздөгү көпчүлүк айылдардагыдай эле арык менен келчүү сугат суулары жаңы отургузулуп, сууну көбүрөк талап кылган жаш көчөттөргө жакшы жете бермек эмес. Андыктан Алмаз мырза дыйкандар арасында колдонула баштаган тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүүнү туура көрдү.

Албетте бул үчүн каражатты аябай сарптап, сарамжалдуу пайдалануу зарыл эле. Ушундай кезеңде жаңылыкка жаны кумар дыйкан изденүү менен кеп кеңештерге кулак төшөй билди.  Насыя алуунун да пайдалуу жагын караштыра баштады. Бир канча насыя берүүчүнүн пикирин уккандан кийин, эң эле пайдалуу жана жагымдуусу туруктуу энергияны каржылоочу KyrSEFF программасы менен иштешкен өнөктөш банктардан берилчүү насыя болуп чыкты.

Ишти баштагандан кийин анын өтөсүнө чыгуу абзел. KyrSEFF программасын ишке ашырган команданын кызматкерлери дыйкан менен жакындан таанышып жер ыңгайын, анын топурак курамынын канчалык сапатта экендигин карап чыгышты. Суунун коромжуга учурабай ар бир түп даракка жетерин, сапатын барын анализдеп чыккандан кийин Алмаз Боталиевдин кайрылуусун каанаттандырышты.

Бак отургузулуучу аянтка кетер чыгым такталып эсептелди. KyrSEFF программасын ишке ашырууда өнөктөш болуп келген Компаньон банкынан 3991 АКШ долларын насыяга алышты. Жалпы иштин жүрүшүндө дыйкандын бак отургузган аянтына кетүүчү сугат сууну ошол аймактагы башка бак өстүрүүчүлөргө салыштырмалуу 60 пайызга азыраак пайдалануу менен же 724 кубометр сууну жыл сайын үнөмдөй алат. Ошол эле учурда  жемиш багынын түшүмдүүлүгү 20 пайызга жогорулайт, деген кортундуга келишти.

Ыраазычылыгын билдирген баба-дыйкан мындайча сөз кылат: 

“Үстүбүздөгү жылы февраль айында эле кайрылсам, ишти абдан ыкчам жүргүзгөн уюм экен. Барын изилдеп, кортундуга тез келишип, насыяны өз убагында алууга көмөкчү болушту. Убакытты жоготпош үчүн өзүбүздүн аймактагы иштерман адистер менен ишти баштап жибердик. Баштагыдай арык менен сугарып отурганымда мынчалык натыйжага жетпесим бышык эле. Бул сапаты мыкты жабдыктар менен курулган иштен улам тамчылатып сугаруу мага абдан жакшы болду. Көчөттөрүм да көйкөлүп өстү.

Эми үч жылда алгачкы түшүмдү жыйнап калам, деп кубанып турам. Андан да жагымдуусу бул программа менен насыя алсаң иштин сапаттуу иштелгенине карап алынаган насыядан 15 пайызын колуңа кайтарып беришет экен. Бул өзгөчөлүгү мага окшоп иш баштагандарга өтө эле чоң жардам болуп жатат”.

Жайгашкан аймагы

Тамга айылы, Ысык- Көл облусу

 

Инвестиция
Тамчылатып сугаруу 

Каржылык натыйжасы:

3 жылда 

Инвестициянын көлөмү
АКШ $3991,27

Грант катары берилген каражат
АКШ $598,6

Энергоүнөмдөө
315 кВтс/жылына

Кыскарган СО2
0.02 тонна/жылына

Сууну үнөмдөө

724 м3/жылына

 

?