
Кардар Жайгашкан аймагы Жалал-Абад областы, Жети -Кошкон айылы Инвестиция
Грантка берилген каражат Энергияүнөмдөө 77,5 МВт/с жылына Кыскарган СО2 41.21 тонн жылына
| Адам баласынын издегени жылуулук. Күндүн нуру жакшы төгүлүп турса жылуулук себилет. Кыштын күнү үйдүн жылуулугу адамга жакшы маанай, жагымдуулук тарттуулайт эмеспи. Ошого жетүүгө бар аракетин көрүп, каражатын аянбай керектүүсүн таап алышат. Элибиздин жарык, жылуу, ыңгайлуу үйлөрдө жашоого умтулуусу бул заман талабы да болуп турат. Баягы тезек терип, отун алып от жагуулар бир четинен четтеп бара жатат. Замандын шарынан калбай алдыга умтулган Заирбек да изденүүнүн үстүндө жүрүп, бир чоң кубанычка кабылды. Энергияны үнөмдөп үйдү жылуу кармоо менен, каражат жагынан да жардамдашкан долбоор иштеп жатканын угуп калды. Изденгич замандашыбыз тез эле Республикага белгилүү болуп калган KyrSEFF программасы ишке ашырган уюмдун иштерин карап чыкты да максатын ишке ашыруу үчүн байланышка чыкты. Аталган уюмдун кызматкерлери менен биргеликтен үйдүн бардык тарабынан карап чыгышты. Заманбап үлгүдө курулган эки кабат үйдүн жылуулук желесин ушул ыкмада жылуулоого киришти. Жылдагыдай отунга чыгым болу азайды. Жана бул иштердин өтөө ыраатуу жүргүзүлүшү адам көңүлүн кубантарлык эле. Ошентип Жалал-Абад областынын Базар- Коргон районунун Жети-Кошкон айылынын тургуну Заирбек Аданов жана анын үй-бүлөсү карантинди жаңы жылууланган үйдө өткөрүштү. Жараткандын жиберген оор сыноосу да элдин кем- карчын айкындап. Ар кандай кыйынчылыктарын дааналап көрсөтүп жатты. Ал эми үйү ыңгайлуулуктарга байыткан Заирбек мырза ичтей кубанып жүрдү. Аңгыча өлкөдө корона вирустун биринчи учурлары катталган Жалал-Абад облусунун тургундарына эки ай изоляцияда калууга туура келди. Карантин учурунда Заирбек Адановдун үй булөсү энергоэффективдүү үйдүн баардык баалуулактарын баалай алышты. Бул учурда аба- ырайы да бат-бат жана күтүсүздөн өзгөрүп, кар аралаш жаанду күндөрдү алып келди. Мындай кубулма аба ырайынын өзгөрүсүнө карабастан үйдүн ички климаты жагымдуу жылуулукту сактап турду. Ал эмес терезелердин ачык калышында дагы үйдөгү жылуу температура төмөндөбөгүнү байкалган. Заирбек мырза, өткөн жылдын күз айларына чейин үйдөгү ыңгайлуулукту жаратып алганы ушундай жакшы болгон экен деп калды. Биринчи кабатка пол жылыткычтары жана биринчи, экинчи кабатка жылуулук радиаторлору орнотулган. Жылытуу системсы өчук учурларда кондиционердин жылытуу режиминин кубаттуулугу үйдүн температурасын жылуу кармалып турушуна толук жетишип жатты. Ишенимдүү иштеп жаткан кондиционерибиз жайкы убакта да салкындаттуунун кыңгайлуулугун тузуп берет деп ойлойбуз» ,- деп белгилейт Заирбек Аданов. Бардык бөлмөдөгү жылуулуктын болушу, энергиянын үнөмдүүлүгү, үй ээлерине бир топ ынгайлуулук тартуулоодо. «Биз эки кабатту үйүбүздүн баардык бөлмөлөру менен колдонуп жатабыз. Карантин убагында чоңдор өз иштери менен, балдарыбыз дистанциондук окуу менен бири- бирине жолтоо болбостон өз иштери менен алек болушууда», – деп Заирбек Аданов бөлуштү. Заирбек мырзанын сөзүн ырастагандай кубанычтарын жашыра албаган үй бүлө мүчөлөрү да үйдүн энергосарамжалдуулугун арттыруу боюнча аткарылган баардык иштерге ыраазы экендигин билдиришти. |