Эмгектенүүдөн талбаган ишкерлер  Кыргыстандын экономикасынын көтөрүлүшүнө эң зор көлөмдөгү  иштерди жасап жатышат. Аны бирибиз билсек, бирибиз билбейбиз. Өзгөчө  жашыл экономиканын өрүшүн кеңейтип элдин турмушуна терең сиңирүүгө багыт алган уюмдардын иштери  мактоого арзырлык. Бүгүн биз сөз кылуучу ишкерчилик да ушундай алгылыктуу  көрүнүштүн бир үзүмү.  Европалык союздун каржылоосу менен энергияны  үнөмдөө долбоорун ишке ашырып келе жаткан уюмдан грант алып форель балыгын өстүргөн Кубат Кутушовдин аракетине токтолуп кетелик

Бишкектен жыйырма чакырым  алыстыкта экологиялык таза  аймакта жайгашкан эс лалуу базасы «Форель» деген аталыш менен белгилүү. Негизинен Форель балыгын өстүрүү менен алектенген чарба абасы таза тоо түбүнөн орун алып Таш-Дөбө айыл аймагына карайт. Он тогуз жылдан бери аталган компания өз кардарларына экологиялык таза өстүрүлгөн даамдуу балыкты гана тартуулабастан  аладынден соолугуна  пайдалуу эс алуусун да камсыздайт. 

 «2000-жылдын баш ченинде бир гезиттен Франциянын президенти  Жак Ширак  биздин президентибизди өз көлмөсүндө өстүрүлгөн балыкты ошол жерден карматып бышыртып сыйлаганы окуп калган элем. Бул макала мага катуу таасир берди. Ошондон улам менеде да  ушундай эс алуу жайын ачуу идеясы келип чыкты»,- дейт «Форель» эс алуу жайынын ээси Кубат Кутушев.

Азыркы мезгилде  өз көлмөсүнөн кармалган балыкты даярдап кардарга сунат деп эч кимди таң калтыра  албайсың. Өз кезегинде мындай идеясын ишке ашыруу үчүн ишкер көп түйшүктү баштан кечирген.

«Биз бул жерди өздөштүрүп баштаганда керек болсо жарык берчүү свет да жок болчу. Бардыгын нөлдөн баштаганбыз, көптөгөн жаңылуушулар болду , кемчиликтер кетти. Жүрүп отуруп тажырыйба топтодук «быштык» дегендей  азыр иш жөнгө салынып калды. Биз ар кандай маалыматтарды издендик, окудук. Ал учурда  көрүп, үйрөнүүгө ылайык Кыргызстанда мындай бир дагы балык чарбасы болгон эмес. Азыркы көп балык чарбалары бизден келип үйрөнүп көрүп кетишкендер. Азыркыга чейин  көптөр келип бизден кеңеш алып үйрөнүп кетип турушат»,- дейт Кубат Кутушев

Бүгүнкү күндө бул чарба өнүгүп, өскөн көп ийгиликтери бар эс алуу менен балык чарбасын айкалыштыра алган чоң чарбага айланып отурат. Бул эс алуу жайында 70 кишиге ылайыкталган инфраструктурасы заманбап, ыңгайлуулугу менен да айрымаланып турат.

Жашыл технологияны каржылоо

«Айлананын керемет кооздугу калың токой, тоо суусу-бир сөз менен айтканда суктандырган эс алууга ыңгайлуу жер. Өзүнө тартып турат. Мындай жердеишкерликти заманбап ыкмада өнүктүрүү заман талабы болуп калат жана жоопкерчиликти талап кылат», -дейт Кубат Кутушов.

2018 жылы компания туруктуу энегияны  үнөмдүү пайдалануу программасы менен алектенген KyrSEFF уюмуна финансалык колдоо көрсөтүүнү суранып кайрылган Жаратылышты  сарамжал пайдалануу жана энегияны үнөмдөө програмасын колдоо менен биргелешип иштеп келе жаткан банктар аркылуу 31,5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү насыяны алышат. Алынган каражатка 8 күн коллекторун орнотуп кышкысын керектелүүчү энергияны үнөмдөө багытында иштетүүгө ылайыкташты.

Сууну жылытуу менен кышкы кафени жылытуу тутумунжана  моночону иштетүүнү  колго алышты. Мындан тышкары Чехтердин өндүрүшүнөн чыккан жабдуу менен  иштетилген сууларды тазалоочу жабдыкты орнотууну да ишке ашыра алышты. Мончодон, кафеден  мейманкананын сан узелинен чыккан суулардын барын кайра тазалап отуруп ичүүдөн башка ар кандай иштерде пайдалануучу таза сууга жетишти. Бул суу менен айлансындагы бактарын суугарууга да мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул иштерди жүргүзүүгө да KyrSEFF программасынын камсыздоочуларынын сунушу аркылуу жетишти.

Ушуну менен эле жашыл экономиканын усулдарын иштетүү чектелип калбады, ишкер жигит мончонун, мейманкананы дубалдарын, төбөсүн, полдорун да энергияны үнөмдөө үчүн жылуулоочу каржаттарды пайдаланып жылуулатып алды Бир жакшы иштерди баштасак экинчи багыт да  мени иште деп суранып турат дешет ишерлер. Анын сыңарындай эс алуу базсынын тегерегиндеги калың токойдун күзгү жалбырагы менден компос жасоого болот деп «шыбырап» калышат. Аны да текке кетирбей атайын чуңкурду каздырып  ал жерге жалбырактарды  башка да  калдыктарды көмүү менен келрерки жылга  жер семирткичтерди даярдап алышат

KyrSEFFтин адистеринин эсептөөлөрүнө ылайык жашыл экономиканын усулдарына   жараша  калдыктарсыз иштөө ыкмасын колдонуудан  улам  эс алуу базасында  энергиянын үнөмдөлүшү  47,59 МВтс,болсо, сыртка чыгуучу зыяндуу газдардын көлөмү — 2,46 тонны болду. Ал эми сууну пайдалануу  жылына 1994 м3  га жетти. Мындай көрсөткүчтөргө жеткен ишкерге алган насыясынан 4725 АКШ доллары Европа Союзунан грантка алды

«Учурда сууну жылтпайбыз  андыктан азыр үнөмдөлүп турат. Качан суунун температурасы  жетпей калганда  сууну жылытууга болот. Анда да кайнатып убара болбойбуз  тек ган ысытып коебуз. Бул биздин үнөмдөөбүзгө жана энергияны  пайдалануубузга шарт түзөтв», — деп бил дирди Кубат Кутушов.

Эгер сиз да  ушул KyrSEFF Программасынын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангыңыз келсе  ар кандай  маалыматтарды алууга  кеп–кеңештерди алуу үчүн бул номерлерге байланышыңыз тел.: +996 312 90 17.