Бул тууралуу Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо (KyrSEFF) программасынын долбоорлору менен Ош облусундагы таанышуу учурунда Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр мырза билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, Европа Бирлиги Жашыл келишим стратегиялык планын EU Green Deal кабыл алган, ага ылайык, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу дүйнө жүзү боюнча Европа Бирлигинин алкагындагы иш-аракеттердин негизги артыкчылыктарынын бири болуп калды.

2013-жылы Европабиримдиги жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы Кыргызстандагы “жашыл” инвестиция каражаттарын энергонатыйжалуулукка жана айлана-чөйрөнү сактоого стимул берүү үчүн күчтөрүн бириктиришкен. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы насыялык куржуну 55 миллион АКШ долларын түзгөн KyrSEFF программасын ишке киргизди. Европа Биримдик эң мыкты жана жеткиликтүү технологиялардын принциптерине өтүү үчүн мотивациялык гранттык колдоо көрсөтүүнү жана 16 миллион евро өлчөмүндө бекер техникалык колдоону өз мойнуна алган. Бүгүнкү күндө KyrSEFF программасынын алкагында, турак жай жана ишкердик чөйрөсүндө энергияны жана ресурстарды сактоо боюнча 2050дөн ашуун долбоор жалпы суммасы 6,65 млн АКШ долларын түзгөн гранттык колдоону алышты.

Энергонатыйжалуу технологияларды ишке киргизүү, колдонуу жана өнүктүрүү – Евробиримдиктин жашыл экономиканы өнүктүрүү планынын маанилүү элементтеринин бири. Энергетикалык ресурстарды кылдат жана натыйжалуу пайдалануу өтө маанилүү. Ошондуктан Евробиримдик бүткүл дүйнө боюнча бул багытта өз ишмердигин өнүктүрүүсү – ал жактын потенциалы жана зарылдыгы бар экенин далилдейт. Европа Биримдиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу аркылыуу ишке ашып жаткан KyrSEFF долбоору Кыргызстандагы жашыл экономиканын жана энергетикалык натыйжалуулук боюнча иш алып баргандардын сап башында. Алар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүү менен ушул артыкчылыктарды бүткүл өлкөгө жайылтууда. Долбоорду колдоого жана , мындан ары биргелешип иштөөгө кубанычтабыз жана даярбыз”- дейт Эдуард Ауэр мырза.

Кыргыз Республикасында KyrSEFF программасынын алкагында  2013-жылдан 2020-жылга чейинки мезгил аралыгында 3118 ден ашык долбоорлор жергиликтүү өнөктөштүк банктар аркылуу каржыланды, ал бир жылда 178 863 МВт саатты керектөөнү азайтууга жана 113 027м3 сууга жана жылына атмосферага 62 339 тоннага зыяндуу заттардын азайышын шарттайт.

Белгилеп айта кетүүчү нерсе бүгүнкү күнү KyrSEFF программасын активдүү малыматтык-билим берүү иштеринен улам калктын арасында энергия үнөмдөө адаты акырындык менен калыптанып келе жатат. Керектөөчүлөрдүн арасында ресурстарды натыйжалуу пайдалануу – бизнести пландаштыруу жана үй курууда өтө маанилүү компонент экендигин так түшүнүү жыл санап өсүүдө.

Ош шаарындагы иш-сапары учурунда Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр мырза  KyrSEFF программасынын алкагында каржылоого ээ болгон эки ийгиликтүү бизнес долбоор менен жакындан таанышты. Ал ийгиликтуу долборлор:” “Дольче Вита” рестораны жана дары-дармек препараттарын сактоочу  “Дармек Фарм”  заманбап кампасы. “Дольче Вита” ресторанынын ээси Тимур Ибраимов жана ОсОО “Дармек Фарм”дын  директору Заир Киргизбаев сыймыктануу менен ишке ашкан  долбоорлору менен тааныштырышты жана дагы  Евробиримдикке Ата-мекендик ишкердикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылктарын билдирип өтүштү. “ KyrSEFF программасынын комплекстүү мамилеси жана анын алкагында берилүүчү кредиттик-инвестициялык каражаттар, акысыз техникалык жардам жана гранттык субсидия “жашыл” долбоорлорду жана ишканаларды жаңылоону  жүзөгө ашырууда ролу чоң” – деп баса белгилеп өтүштү. Ошону менен бизнес секторунун атынан Кыргызстанда мындан ары дагы программаны активдүү ишке ашыруу иштери жүргүзүлөрүнө  үмүт артаарын айтышты.