Абдылдаев Эмил жана Наватова Назира Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын кредити жана Европа Биримдигинин гранттары менен KyrSEFF программасынын колдоосунда, өз турак жайынын энергоэффективдүүлугүн жогорулатууга салым кошкон Кыргызстандагы 2500 уй бүлөнүн катарын толукташат. Эмил Абдылдаев жана жубайы – мектеп жашындагы үч баланын, эки уул жана кыздын ата- энеси, жана алардын ден соолугу ата- энеге эң биринчи орунда. Ошондуктан жубайлар, үй курулуштарын баштоонун алдында жаңы үйдүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап болуусуна көңүл бурушкан. Курулушка жубайлар Европалыктардын үй куруу долбоорун тандашкан анда үй көлөмдүү витраждык терезелерди камтып, терезеден тийген күн нуру бөлмөлөргө тегиз тарайт. Бирок чоң аянтты ээлеген терезе орнотууда каражаттын да мол болушун талап кылат. Каражатты үнөмдөйбүз десе анда ал терезелерди орнотууда техникалык мүчүлүштүктөргө жол берилмек. Техникалык мүчүлүштүктүн кетиши, өз убагында үйдүн жылуулугун жоготуу менен жылытууга кеткен каражаттын чыгымын көбөйтүүгө алып келет. Көп изденген Эмил Абдылдаев KyrSEFF программасынын адистерине техникалык жактан кеңеш жана финансылык жардам алууга кайрылган. Инжинерлер командасы турак жайдын долбоорун баалагандан кийин, изоляциянын калыңдыгын өзгөртүү, терезе жана жылуулук системасын Кыргызстандын климаттык шарттарына тууралап алмаштыруу чечимине келишкен. Көп ойлонбостон Эмил мырза, 2018- жылдын декабрь айында KICB өнөктөш банкынан терезе, дубал, чатыр, пол жана сарамжалдуу жылуулук системасын орнотууга 17608 АКШ доллар өлчөмундө KyrSEFFдин каржылык колдоосун алган. Адистердин эсеби боюнча долбоордун аткарылышы менен энергияны үнөмдөө 51,68 МВт/с жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусу бир жылдык 41.21 тоннга азаюсун шарттайт. 2019- жылдын күз айларында курулуш иштеринин аякташы менен Абдылдаевдердин үй бүлөсү көптөн күтүлгөн жаңы үйүнө көчүп келишкен. Үй ээсинин айтымында кыш мезгилинде үйдүн температурасы ыңгайлуулукту кармап, ал эми жылуулук чыгымдары кожоюндун күтүүсүн толук актады. Энергоүнөмдөө боюнча аткарылган баардык иш аракеттер туура ишенимдүү натыйжа көрсөтө алды. Үйгө орнотулган жылуулук полу жана терезе астында орнотулган жапыз радиаторлор карантин учурунда баардык бөлмөлөрдун жылышын шарттап, ошону менен үй бүлө мүчөлөрүнө бир топ ынгайлуулук тартуулады. KyrSEFF программасынын колдоосунда аткарылгын бул иш- чараларга биз абдан ыраазыбыз – деп билдирди Эмил Абдылдаев. |