Республиканын түштүгүндө KyrSEFF долбоорунун иштерине мониторинг жүргүзүлдү

2021-жылдын 12-мартында  KyrSEFF программасынын алкагында республиканын түштүгүндө бизнес жана турак жай секторунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу максатында Европа Биримдигинин (ЕС) Өкүлчүлүгүнүн кызматкери Бакыт Айтуганов катышкан жумушчу делегация, Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигинин мониторинг боюнча консультанты Лейла Талипова жана KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын башкы менеджери Нурзат Абдырасулова Ош облусуна иш сапары менен келишти.

Коноктор үчүн бир катар объектилерге зыярат уюштурулган жана биринчилерден болуп ишкер Тимур Ибраимовдун ресторанына барышкан.Тимур мырза KyrSEFFтин колдоосу менен 85 577,61 АКШ доллары суммасындагы каражатка ресторанында бир катар энергияны үнөмдөөчү  чечимдерди: жылуулоо, жылытуу үчүн VPC тутумдарын орнотуу, сууну үнөмдөө, энергияны үнөмдөөчү жарык жана пиво чыгарганга жабдыктарды орнотуу сыяктуу иш-чараларды аткара алган.

“Жеке менчик италия ресторанын ачуу менин көп жылдардан берки кыялым болчу. Ошентип, 3 жыл мурун, кыялым орундалды, Ош шаарында биринчи үч кабаттуу европалык ресторан ачууга жетиштим. Бирок тилекке каршы бардыгы  шашылыш түрдө жасалып калды. Ресторанда экинчи кабат (үй-бүлөөлүк) жана үчүнчү кабат (түнкү бар) гана иштеп жатты, биринчи кабаттын долбоору (Бавариялык пиво заводу) ишке киргизилбей турду. Комплекстүү энергияны үнөмдөөчү долбоорду жүзөгө ашырууга чейин электр энергиясын колдонууга гана айына 140 000 сомго чейин акча коротчумун. KyrSEFFтин каржылык колдоосунун жардамы менен мен светодиоддук лампаларды, суу сактоочу бактарды, суу эсептегичти жана фильтрди, ВРС- системасын (жылытуу, муздатуу, желдетүү) орнотуп, биринчи кабатын жылуулап, акыры Германияда чыгарылган пиво жасоого жабдыктарды (Schulz Brewery) койдурттум. Бүгүнкү күндө эле электр энергиясына болгон жеке чыгымдар айына 80 000 сомго чейин төмөндөтүлүп, бардык кабаттар жылуу жана ыңгайлуу болуп калды”– дейт Тимур Ибраев.

Тимур конокторду имарат менен тааныштырып, бардык иш-чараларды сыймыктануу менен көрсөттү. Энергияны үнөмдөө жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп жана өз бизнесин кеңейтүү боюнча келечектеги пландары жөнүндө айтып берди. Учурда ишкер  Европа Биримдигинин грантын алуу үчүн KyrSEFF командасынын кароосуна бардык керектүү документтерди тапшырып анын жактырылышын күтүп жатат. KyrSEFF консультанттарынын эсептөөлөрү боюнча, энергияны үнөмдөө боюнча иш-чаралардын аркасында ишкер жылына 184 МВт / саат көлөмүндө энергияны үнөмдөп, атмосферага зыяндуу  CO2нин  көлөмүн жылына 10,4 тоннага азайта алган. Ошондой эле жылына 1814 м3 көлөмүндө сууну үнөмдөйт.

Андан ары коноктордун иш сапары түштүк борбордун жеке секторрлорунун бири,  тактап айтканда Айнагүл Насырованын үйүндө уланды. Программа аркылуу ал 800 000 сом суммасында насыя алып, үйдүн тышкы дубалдарын, полун, шыбын жылуулап, 5 камералуу, энергияны үнөмдөгөн айнектери менен ПВХ терезелерин орнотуп, изоляцияланган, брондолгон эшик койдурган. Мындан тышкары, жаңыланган жана сертификатталган  буу – жылытуу тутуму менен газ меши орнотулган. Эске сала кетүүчү нерсе колдонулган бардык материалдар KyrSEFF программасы тарабынан бекитилген стандарттарга жана техникалык талаптарга жооп берет. Ийгиликтүү долбоор үчүн Айнагүл эже Европа Биримдиги тарабынан 1 988,48 АКШ доллары өлчөмүндө грант алууга жетишти.

Ушундай эле иш-чаралар KyrSEFFтин дагы бир кардары – Динара Азимбекова тарабынан ишке ашырылды. Программанын 1 000 000 сом өлчөмүндөгү каржылык жардамы менен, кардарыбыз энергияны үнөмдөгөн эки кабаттуу жана 5 камералуу терезелер, сырткы дубалдарын, полун, шыбын жылуулап, сертификатталган меш орнотууга жетишкен.

«Биз үйүбүздү бир нече жыл мурун сатып алганбыз, бирок дээрлик бул жерде жашаган эмеспиз. Үй мурда жылууланган эмес, терезелери жана жылытуу тутуму эски болгон. Жайында үйүн ичинде дем жетпесе, кышында канчалык от жакканыбызга карабай  аябай суук болчу. Күнүнө 5-6 чака көмүр жакчубуз, бирок андан деле эч кандай майнап чыкчу эмес. Жылуулук изоляциясын, энергияны үнөмдөгөн терезелерди жана жаңы меш орноткондон баштап, абал түп-тамырынан өзгөрдү. Азыр үйүбүздү “термос үй” деп атап каебуз жана ал жылытылбаса дагы жылуулукту кармап турат ”, – деп бөлүштү Динара Азимбекова.

Коноктор менен болгон баарлашууда Динара эже жыйынтыктары менен кубанып бөлүшүп өттү, натыйжада энергияны арзандатууга гана эмес, үйүндө жашоо шарттары жакшыргандыгын да  баса белгиледи. Ал Европа Биримдигинен 200 000 сом өлчөмүндө алынган грант үчүн өзгөчө ыраазы.

Жумушчу делегациянын иш сапарынын акыркы объектиси «Дармек Фарм» компаниясынын имараты болду. Компаниянын негиздөөчүсү Заир Киргизбаев KyrSEFFтин эң үлгүлүү кардарларынын бири. Анын окуясы Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын веб-сайтындагы аткарылган мыкты иштер тизмесине киргизилген. Бизнесмен, KyrSEFF программасынын насыясынын эсебинен энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча иш-чаралардын бардыгын ишке ашырган жана анын бүгүнкү долбоору “жашыл бизнестин” мисалы болуп саналат. Заир Киргизбаев келечектеги пландары менен бөлүшүп, ата мекендик экономиканын “жашыл” келечегин өнүктүрүүнү ишкерлердин түшүнүүсүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтты.

KyrSEFF программасынын статистикасы көрсөткөндөй, түштүк региондордо энергияны жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө умтулган аң-сезимдүү тургундар көбөйүүдө. Жергиликтүү жашоочулар үчүн Европа Бирлигинин гранттары ( “акчалай стимул” ) энергияны үнөмдөө жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирлерди азайтуу үчүн олуттуу түрткү берүүдө.

#БишкекСмог даректүү тасмасында KyrSEFF программасы чагылдырылмакчы

KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын кылып жаткан иштерине БишкекСмог акциясынын уюштуруучулары – видеограф Искендер Алиев жана жарандык активист Бермет Бөрүбаева абдан кызыгууда. Алар Ага Хан Фондунун колдоосу менен #БишкекСмог аттуу даректүү тасмасын жаратуунун үстүндө иштеп жаткан учуру.

Аларга фильмди тартууда “Дүйнөнүн чатырынан чыккан үн” долбоорунун алкагында тартылган даректүү тасманын белгилүү продюсери Эндрю Ткач жардам берүүдө. Бул тасмада Бишкектеги түтүн маселеси боюнча ар кандай көз-караштар талкууланат, мисалы: Бишкектин жаңы конуштарындагы көмүрдү колдонуу, ашыкча автомобилизация, таштанды төгүүчү жай жана ЖЭБ.

«Биз экологиялык көйгөйлөрдү изилдөө менен алектенебиз. Тактап айтканда, Бишкектин көпчүлүк тургундары сыяктуу эле, бизди дагы сүйүктүү шаарыбыздын үстүнөн каптаган түтүн көйгөйү тынчсыздандырууда. Ушундай булганган абадан барыбыз дем алып жаткандыгыбыз өтө өкүнүчтүү. Көптөн бери KyrSEFFтин республикабызда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерин изилдеп, кылыган иштеринин натыйжаларын көрүп, ийгиликтүү тажрыйбаларды документалдык тасмабызга киргизүүнү чечтик ”, – дейт видеограф Искендер Алиев.

KyrSEFF командасы тасманын тартуу тобу үчүн Чүй районунун Новопавловка (Максатбек Токторалиев) айылына жана борбордун Арча-Бешик (Айнура Чокморова), Ынтымак (Алмаз Чойбеков) жана Ак-Өргө (Миргүл Казакова) конуштарында таанышуу турун уюштурду.

Алардын бардыгы KyrSEFF программасынын каржылык жана консультациялык колдоосу менен өз үйлөрүндө энергияны үнөмдөө иш-чараларын жүргүзүшүп, бүгүнкү күндө ишке ашырылган долбоордун натыйжаларын көрүп жаткан учурлары.

KyrSEFF программасынын кардарларынын энергонатыйжалуу үйлөрү алардын кошуналары, туугандары жана достору үчүн үлгү болуп калды десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндө бул фактор жарандардын аң-сезимин жогорулатууга өтө муктаж болуп турган борбор калаабыз үчүн абдан маанилүү. Убагында постсоветтик мейкиндиктеги эң жашыл шаар деп эсептелген Бишкек шаары, азыркы убакта булганган шаарлардын катарына кошулуп калгандыгы абдан кейиштүү. Бирок сүйүктүү шаарыбызга мурдагы даңкын кайтарып берүү максаты ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жашашы керек. Экологиялык тазалыкка, энергияны жана ресурстарды үнөмдөөгө кичинеден болсо дагы кадамдарды таштоо менен борбор шаарыбыздын абасын таза жана жашыл шаар аталуусуна жетишсек болот.

Искендер Алиев менен Бермет Бөрүбаева иштеп жаткан #БишкекСмог даректүү тасмасынын бет ачары 2021-жылдын ноябрь айына пландалууда.

Катаал климаттык шарттарда энергияны үнөмдөөнүн зарылдыгы

Нарын шаарынын тургуну Шарапат Касманбетованын үй бүлөсү 2018-жылы аянты 140 чарчы метр болгон чоң үй курушкан.Үй салууга көп суммадагы каражат жумшалгандыгына байланыштуу, үй ээлери турак жайды жылуулабай эле коюуну туура көрүшкөн жана бул чечими үчүн кийин абдан өкүнүп калышты.

«Турак жайдын долбоорун чийип жатканда, биз аянты чоң, кооз үйдү пландаштырганбыз, бирок көптөгөн майда маселелерди эске албаптырбыз. Иш жүзүнө келгенде кабыл алынган кээ бир чечимдердин мүмкүн эмес экендигин түшүндүк. Биздин үй-бүлөбүз чоң эмес, себеби дегенде улуу балдарыбыз бөлүнүп кетишкен. Азыркы убакта үчөөбүз эле жашайбыз: мектепте окуган уулум, жолдошум жана мен. Ошондуктан, 2018-жылдын кыш мезгили биз үчүн эң кымбат кыш болуп калды. Себеби дегенде, ай сайын үйдү  жылытууга электр энергиясы үчүн 20 000 сомго төлөөгө туура келди, андан тышкары кышка 5 тонна көмүр сатып алдым », – дейт Шарапат Касмамбетова.

Кышында абанын температурасы – 40 градуска чейин  жеткен, өлкөнүн эң суук аймагы болуп саналган – Нарын облусунун тургуну  Шарапат эженин кыжалаттануусуна себеп бар. Кардарыбыз жылытуу мезгилинде  5 тонна көмүрдүн наркы жана айына электр энергиясы үчүн акы 20 миң сомду  кошкондо дээрлик 140 миң сомго чыгашага учуроодо. Албетте, үй ээлери мындай абалга чыдай алышкан жок. Шарапат эже туруктуу энергетиканы каржылоо программасы KyrSEFFтин өнөктөш банктарынын бири болгон “Компаньон” банкына  кайрылып, 300 миң сом өлчөмүндө насыя алган. Алынган каражат тышкы дубалдарды 50 мм калыңдыктагы пенопласт менен жылуулоого жумшалган.

“ Биз ушул кышта айырмачылыкты дароо сездик. Электр энергиясына болгон чыгаша беш эсе арзандады, биз 3 тонна көмүр сатып алдык жана бул кыштын аягына чейин жетиштүү болот деп ойлойбуз. Белгилей кетчү нерсе үйдү жылуулоо – үй-бүлөөлүк бюджетти үнөмдөөгө жардам берди. Азыр үнөмдөлгөн акча башка муктаждыктарга (балдардын билим алуусу, тамак-аш, кийим-кече) жумшалуу менен  жашоо сапатты да жакшыртты. Ал эми гранттан алынган 60 000 сом электр энергиясынын акысына төлөндү ”, – дейт Шарапат Касмамбетова.

KyrSEFF программасынын инженери Айбек Аскарбековдун эсептөөсүнө таянсак Шарапат Касмамбетованын  үй куруудагы энергонатыйжалуулук боюнча аткарылган  иш аракеттери ар жылы 31 МВт/саат электр энергиясын үнөмдөөгө  жана СО2нин  21 тоннага кыскарышына өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, кыш дээрлик 6 айга созулган Нарын облусунун тургундары кирешелеринин көпчүлүгүн үйлөрүн жылытууга жумшашат. Демек, үйдү жылуулоо маселеси ар бир үй-бүлө үчүн эң актуалдуу болуп келет. KyrSEFF программасында гранттык компоненттин болушу карапайым калк үчүн мыкты бир стимул болууда. Адамдар насыяларды өз муктаждыктары үчүн колдонууга көнүп калышкан (майрамдык салтанаттарды өткөрүү, унаа, кыймылсыз мүлк сатып алуу ж.б), бирок энергияны үнөмдөөгө, үйгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө каражат жумшоо адатка айлана элек. Демек, Европа Биримдигинин гранттык каржылоосу, калк үчүн бир жагынан стимул болсо, экинчи жагынан, жаратылыш байлыктарын жана өз каражаттарын үнөмдөө жаатында аң-сезимди жогорулатууга багытталган асыл миссияны өзүнө камтыйт.

KyrSEFFтин консультанты Айбек Аскарбеков, акыркы бир нече жылдан бери адамдар энергияны үнөмдөөгө көбүрөөк кызыгып жатышкандыгын баса белгиледи. Мисал катары, KyrSEFF программасы ишке ашырылгандан бери (2013-жылдан баштап) Нарын облусунда  энергияны үнөмдөө боюнча 659 долбоор ишке ашырылган, анын 233ү 2020-жылы аткарылгандыгын белгилей кетпесек болбойт. KyrSEFFтин аймактагы ишмердүүлүгү жылына 9 551 МВт/саат энергияны үнөмдөөгө жана CO2нин жылына 6 725 тоннага азайышына алып келет.

Үйүң жылуу болсо, маанайың да жаркын

Кардар
Заирдин Аданов  

Жайгашкан аймагы Жалал-Абад областы, Жети -Кошкон айылы  

Инвестиция

  • – Дубалдарды жылуулоо
  • Шыптарды жылуулоо
  • Полду жылуулоо
  • Терезе орнотуу
  • Меш орнотуу
  • Жылытуу функциясы менен кондиционер орнотуу  

Грантка берилген каражат
3 383 АКШ долл

Энергияүнөмдөө 77,5 МВт/с жылына

Кыскарган СО2 41.21 тонн жылына 

 

 

Адам баласынын издегени жылуулук.  Күндүн нуру жакшы төгүлүп турса  жылуулук  себилет. Кыштын күнү үйдүн жылуулугу адамга жакшы маанай, жагымдуулук тарттуулайт эмеспи.  Ошого жетүүгө  бар  аракетин көрүп, каражатын аянбай  керектүүсүн  таап алышат.  

Элибиздин жарык, жылуу, ыңгайлуу үйлөрдө жашоого умтулуусу бул заман талабы да болуп турат. Баягы тезек терип, отун алып от жагуулар бир четинен  четтеп бара жатат. Замандын шарынан калбай алдыга умтулган Заирбек да  изденүүнүн үстүндө жүрүп, бир чоң  кубанычка кабылды. 

Энергияны  үнөмдөп үйдү жылуу кармоо менен, каражат жагынан да  жардамдашкан долбоор иштеп жатканын угуп калды.  Изденгич замандашыбыз тез эле Республикага белгилүү болуп калган KyrSEFF программасы ишке ашырган  уюмдун иштерин  карап чыкты да  максатын ишке ашыруу үчүн байланышка чыкты.

Аталган уюмдун кызматкерлери менен биргеликтен  үйдүн бардык тарабынан карап чыгышты.  Заманбап үлгүдө курулган эки кабат үйдүн жылуулук желесин  ушул ыкмада жылуулоого киришти. Жылдагыдай  отунга  чыгым болу азайды. Жана бул иштердин өтөө ыраатуу жүргүзүлүшү адам көңүлүн кубантарлык эле. 

Ошентип Жалал-Абад областынын Базар- Коргон районунун Жети-Кошкон айылынын тургуну Заирбек Аданов жана анын үй-бүлөсү карантинди жаңы жылууланган үйдө өткөрүштү. Жараткандын   жиберген оор сыноосу да элдин кем- карчын айкындап. Ар кандай кыйынчылыктарын дааналап көрсөтүп жатты. Ал эми үйү ыңгайлуулуктарга  байыткан Заирбек мырза ичтей кубанып жүрдү. Аңгыча өлкөдө корона вирустун биринчи учурлары катталган Жалал-Абад облусунун тургундарына эки ай изоляцияда калууга туура келди.

Карантин учурунда Заирбек Адановдун үй булөсү энергоэффективдүү үйдүн баардык баалуулактарын баалай алышты. Бул учурда аба- ырайы да бат-бат жана күтүсүздөн өзгөрүп, кар аралаш жаанду күндөрдү алып келди. Мындай кубулма аба ырайынын өзгөрүсүнө карабастан үйдүн ички климаты жагымдуу жылуулукту  сактап турду.

Ал эмес терезелердин  ачык калышында дагы үйдөгү жылуу температура төмөндөбөгүнү байкалган. Заирбек мырза, өткөн жылдын  күз айларына чейин үйдөгү ыңгайлуулукту жаратып алганы  ушундай  жакшы болгон экен деп калды. Биринчи кабатка пол жылыткычтары жана биринчи, экинчи кабатка жылуулук радиаторлору орнотулган. Жылытуу системсы өчук учурларда кондиционердин жылытуу режиминин кубаттуулугу үйдүн температурасын жылуу кармалып турушуна толук жетишип жатты. Ишенимдүү иштеп жаткан кондиционерибиз  жайкы убакта да салкындаттуунун кыңгайлуулугун тузуп берет деп ойлойбуз» ,- деп белгилейт Заирбек Аданов. Бардык бөлмөдөгү жылуулуктын болушу, энергиянын үнөмдүүлүгү, үй ээлерине бир топ ынгайлуулук тартуулоодо.

«Биз эки кабатту үйүбүздүн баардык бөлмөлөру менен колдонуп жатабыз. Карантин убагында чоңдор өз иштери менен, балдарыбыз дистанциондук окуу менен бири- бирине жолтоо болбостон өз иштери менен алек болушууда», – деп Заирбек Аданов бөлуштү.

Заирбек мырзанын сөзүн ырастагандай  кубанычтарын жашыра албаган үй бүлө мүчөлөрү  да үйдүн энергосарамжалдуулугун арттыруу боюнча аткарылган баардык иштерге ыраазы экендигин билдиришти.   

 
 
   
 
 
 

Бакубат жашоо сарамжалдуулуктан башталат

                                              
  • Кардар
    Наватова Назира жана Эмил Абдылдаев
     
    Жайгашкан аймагы
    Беш-Күнгөй айылы, Чүй облусу
     
    Инвестиция
    Дубалдарды жылууло
  • Шыптарды жылууло
  • Полду жылууло 
  • Терезе орнотуу
  • Меш орнотуу 
  • Үйдүн чатырын жылууло

 
Инвестициянын көлөмү
АКШ $ 17,605.89
 
Грант катары берилген каражат
АКШ $ 3,383.53
 
Энергоүнөмдөө
51.68 МВтс/жылына
 
Кыскарган СО2
41.21 тонн/жылына

Абдылдаев Эмил жана Наватова Назира Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын кредити жана Европа Биримдигинин гранттары менен KyrSEFF программасынын колдоосунда, өз турак жайынын энергоэффективдүүлугүн жогорулатууга салым кошкон Кыргызстандагы 2500 уй бүлөнүн катарын толукташат.

Эмил Абдылдаев жана жубайы – мектеп жашындагы үч баланын, эки уул жана кыздын ата- энеси, жана алардын ден соолугу ата- энеге эң биринчи орунда. Ошондуктан жубайлар, үй курулуштарын баштоонун алдында жаңы үйдүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап болуусуна көңүл бурушкан.

Курулушка жубайлар Европалыктардын үй куруу долбоорун тандашкан анда үй көлөмдүү витраждык терезелерди камтып, терезеден тийген күн нуру бөлмөлөргө тегиз тарайт. Бирок чоң аянтты ээлеген терезе орнотууда каражаттын да мол болушун талап кылат. Каражатты үнөмдөйбүз десе анда ал терезелерди орнотууда техникалык мүчүлүштүктөргө жол берилмек. Техникалык  мүчүлүштүктүн кетиши, өз убагында үйдүн жылуулугун жоготуу менен жылытууга кеткен каражаттын  чыгымын көбөйтүүгө алып келет.

Көп изденген Эмил Абдылдаев KyrSEFF программасынын адистерине техникалык жактан кеңеш жана финансылык жардам алууга кайрылган. Инжинерлер командасы турак жайдын долбоорун баалагандан кийин, изоляциянын калыңдыгын өзгөртүү, терезе жана жылуулук системасын Кыргызстандын климаттык шарттарына тууралап алмаштыруу чечимине келишкен. Көп ойлонбостон Эмил мырза, 2018- жылдын декабрь айында KICB өнөктөш банкынан терезе, дубал, чатыр, пол жана сарамжалдуу жылуулук системасын орнотууга 17608 АКШ доллар өлчөмундө KyrSEFFдин каржылык колдоосун алган.

Адистердин эсеби боюнча долбоордун аткарылышы менен энергияны үнөмдөө 51,68 МВт/с жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусу бир жылдык 41.21 тоннга азаюсун шарттайт.

2019- жылдын күз айларында курулуш иштеринин аякташы менен Абдылдаевдердин үй бүлөсү көптөн күтүлгөн жаңы үйүнө көчүп келишкен. Үй ээсинин айтымында кыш мезгилинде үйдүн температурасы ыңгайлуулукту кармап, ал эми жылуулук чыгымдары кожоюндун күтүүсүн толук актады. Энергоүнөмдөө боюнча аткарылган баардык иш аракеттер туура ишенимдүү натыйжа көрсөтө алды. Үйгө орнотулган жылуулук полу жана терезе астында орнотулган жапыз радиаторлор карантин учурунда баардык бөлмөлөрдун жылышын шарттап, ошону менен үй бүлө мүчөлөрүнө бир топ ынгайлуулук тартуулады. KyrSEFF программасынын колдоосунда аткарылгын бул иш- чараларга биз абдан ыраазыбыз – деп билдирди Эмил Абдылдаев.

Келечекке салым, жемиш багында

 

Кардар

Алмаз Боталиев

Элдин көбү кирип келген илдеттен качып, карантинге камалып айлалары кете түштү. Антсе да биздин өлкөнүн айыл жеринде иш ыргагы анча бузулбады. Ананчы, жаз жарышы башталган убакта кайсы дыйкан, же малчы үйүндө тынч отурсун.  Жаздын ар бир күнүн пайдаланууга шашат эмеспи.

Ушундай учурда күжүрмөндүүлүктү көрсөткөндөрдүн бири, Ысык-Көл облусунун Тамга айылынын тургуну фермер –дыйкан, Алмаз Боталиев болду. «Бак тик, балага калат»- дешет элибиз. Бабалар сөзүн эсине бекем түйгөн фермердин көздөгөнү жемиш бактарын тигүү болчу. Болгондо да аны сугатынан өксүтпөй бапестеп кароо керек. Анда заманбап ыкмаларга өтүү туура болот деген пикирде иш баштады. 3.15 гектар жерди ээлеп ал жерге 1500 даана абрикостун көчөттөрүн отургузду, COVID-19 пандемиясы кыргыз эли гана эмес дүйнө элдеринин үшүн алып турса да келечегине жаркын үмүт менен караган багбан өз ишине батыл киришти.

Өлкөбүздөгү көпчүлүк айылдардагыдай эле арык менен келчүү сугат суулары жаңы отургузулуп, сууну көбүрөк талап кылган жаш көчөттөргө жакшы жете бермек эмес. Андыктан Алмаз мырза дыйкандар арасында колдонула баштаган тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүүнү туура көрдү.

Албетте бул үчүн каражатты аябай сарптап, сарамжалдуу пайдалануу зарыл эле. Ушундай кезеңде жаңылыкка жаны кумар дыйкан изденүү менен кеп кеңештерге кулак төшөй билди.  Насыя алуунун да пайдалуу жагын караштыра баштады. Бир канча насыя берүүчүнүн пикирин уккандан кийин, эң эле пайдалуу жана жагымдуусу туруктуу энергияны каржылоочу KyrSEFF программасы менен иштешкен өнөктөш банктардан берилчүү насыя болуп чыкты.

Ишти баштагандан кийин анын өтөсүнө чыгуу абзел. KyrSEFF программасын ишке ашырган команданын кызматкерлери дыйкан менен жакындан таанышып жер ыңгайын, анын топурак курамынын канчалык сапатта экендигин карап чыгышты. Суунун коромжуга учурабай ар бир түп даракка жетерин, сапатын барын анализдеп чыккандан кийин Алмаз Боталиевдин кайрылуусун каанаттандырышты.

Бак отургузулуучу аянтка кетер чыгым такталып эсептелди. KyrSEFF программасын ишке ашырууда өнөктөш болуп келген Компаньон банкынан 3991 АКШ долларын насыяга алышты. Жалпы иштин жүрүшүндө дыйкандын бак отургузган аянтына кетүүчү сугат сууну ошол аймактагы башка бак өстүрүүчүлөргө салыштырмалуу 60 пайызга азыраак пайдалануу менен же 724 кубометр сууну жыл сайын үнөмдөй алат. Ошол эле учурда  жемиш багынын түшүмдүүлүгү 20 пайызга жогорулайт, деген кортундуга келишти.

Ыраазычылыгын билдирген баба-дыйкан мындайча сөз кылат: 

“Үстүбүздөгү жылы февраль айында эле кайрылсам, ишти абдан ыкчам жүргүзгөн уюм экен. Барын изилдеп, кортундуга тез келишип, насыяны өз убагында алууга көмөкчү болушту. Убакытты жоготпош үчүн өзүбүздүн аймактагы иштерман адистер менен ишти баштап жибердик. Баштагыдай арык менен сугарып отурганымда мынчалык натыйжага жетпесим бышык эле. Бул сапаты мыкты жабдыктар менен курулган иштен улам тамчылатып сугаруу мага абдан жакшы болду. Көчөттөрүм да көйкөлүп өстү.

Эми үч жылда алгачкы түшүмдү жыйнап калам, деп кубанып турам. Андан да жагымдуусу бул программа менен насыя алсаң иштин сапаттуу иштелгенине карап алынаган насыядан 15 пайызын колуңа кайтарып беришет экен. Бул өзгөчөлүгү мага окшоп иш баштагандарга өтө эле чоң жардам болуп жатат”.

Жайгашкан аймагы

Тамга айылы, Ысык- Көл облусу

 

Инвестиция
Тамчылатып сугаруу 

Каржылык натыйжасы:

3 жылда 

Инвестициянын көлөмү
АКШ $3991,27

Грант катары берилген каражат
АКШ $598,6

Энергоүнөмдөө
315 кВтс/жылына

Кыскарган СО2
0.02 тонна/жылына

Сууну үнөмдөө

724 м3/жылына

 

?

Видео: KyrSEFF пластикалык терезе жасоочуларды колдойт

Жаңы ыкмада иштөөгө мүмкүнчүлүк алган “Келечек” ишканасы өндүрүлгөн эшик терезенин сапатын жогорулатуу менен анын сатылуу географиясында кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алып, ишканада кошумча 25 жумушчу орун түзүлдү.

Кененирээк бул шилтемеде.

“Форель” балык чарбасы: Жашыл экономика заман талабы

Эмгектенүүдөн талбаган ишкерлер  Кыргыстандын экономикасынын көтөрүлүшүнө эң зор көлөмдөгү  иштерди жасап жатышат. Аны бирибиз билсек, бирибиз билбейбиз. Өзгөчө  жашыл экономиканын өрүшүн кеңейтип элдин турмушуна терең сиңирүүгө багыт алган уюмдардын иштери  мактоого арзырлык. Бүгүн биз сөз кылуучу ишкерчилик да ушундай алгылыктуу  көрүнүштүн бир үзүмү.  Европалык союздун каржылоосу менен энергияны  үнөмдөө долбоорун ишке ашырып келе жаткан уюмдан грант алып форель балыгын өстүргөн Кубат Кутушовдин аракетине токтолуп кетелик

Бишкектен жыйырма чакырым  алыстыкта экологиялык таза  аймакта жайгашкан эс лалуу базасы «Форель» деген аталыш менен белгилүү. Негизинен Форель балыгын өстүрүү менен алектенген чарба абасы таза тоо түбүнөн орун алып Таш-Дөбө айыл аймагына карайт. Он тогуз жылдан бери аталган компания өз кардарларына экологиялык таза өстүрүлгөн даамдуу балыкты гана тартуулабастан  аладынден соолугуна  пайдалуу эс алуусун да камсыздайт. 

 «2000-жылдын баш ченинде бир гезиттен Франциянын президенти  Жак Ширак  биздин президентибизди өз көлмөсүндө өстүрүлгөн балыкты ошол жерден карматып бышыртып сыйлаганы окуп калган элем. Бул макала мага катуу таасир берди. Ошондон улам менеде да  ушундай эс алуу жайын ачуу идеясы келип чыкты»,- дейт «Форель» эс алуу жайынын ээси Кубат Кутушев.

Азыркы мезгилде  өз көлмөсүнөн кармалган балыкты даярдап кардарга сунат деп эч кимди таң калтыра  албайсың. Өз кезегинде мындай идеясын ишке ашыруу үчүн ишкер көп түйшүктү баштан кечирген.

«Биз бул жерди өздөштүрүп баштаганда керек болсо жарык берчүү свет да жок болчу. Бардыгын нөлдөн баштаганбыз, көптөгөн жаңылуушулар болду , кемчиликтер кетти. Жүрүп отуруп тажырыйба топтодук «быштык» дегендей  азыр иш жөнгө салынып калды. Биз ар кандай маалыматтарды издендик, окудук. Ал учурда  көрүп, үйрөнүүгө ылайык Кыргызстанда мындай бир дагы балык чарбасы болгон эмес. Азыркы көп балык чарбалары бизден келип үйрөнүп көрүп кетишкендер. Азыркыга чейин  көптөр келип бизден кеңеш алып үйрөнүп кетип турушат»,- дейт Кубат Кутушев

Бүгүнкү күндө бул чарба өнүгүп, өскөн көп ийгиликтери бар эс алуу менен балык чарбасын айкалыштыра алган чоң чарбага айланып отурат. Бул эс алуу жайында 70 кишиге ылайыкталган инфраструктурасы заманбап, ыңгайлуулугу менен да айрымаланып турат.

Жашыл технологияны каржылоо

«Айлананын керемет кооздугу калың токой, тоо суусу-бир сөз менен айтканда суктандырган эс алууга ыңгайлуу жер. Өзүнө тартып турат. Мындай жердеишкерликти заманбап ыкмада өнүктүрүү заман талабы болуп калат жана жоопкерчиликти талап кылат», -дейт Кубат Кутушов.

2018 жылы компания туруктуу энегияны  үнөмдүү пайдалануу программасы менен алектенген KyrSEFF уюмуна финансалык колдоо көрсөтүүнү суранып кайрылган Жаратылышты  сарамжал пайдалануу жана энегияны үнөмдөө програмасын колдоо менен биргелешип иштеп келе жаткан банктар аркылуу 31,5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү насыяны алышат. Алынган каражатка 8 күн коллекторун орнотуп кышкысын керектелүүчү энергияны үнөмдөө багытында иштетүүгө ылайыкташты.

Сууну жылытуу менен кышкы кафени жылытуу тутумунжана  моночону иштетүүнү  колго алышты. Мындан тышкары Чехтердин өндүрүшүнөн чыккан жабдуу менен  иштетилген сууларды тазалоочу жабдыкты орнотууну да ишке ашыра алышты. Мончодон, кафеден  мейманкананын сан узелинен чыккан суулардын барын кайра тазалап отуруп ичүүдөн башка ар кандай иштерде пайдалануучу таза сууга жетишти. Бул суу менен айлансындагы бактарын суугарууга да мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул иштерди жүргүзүүгө да KyrSEFF программасынын камсыздоочуларынын сунушу аркылуу жетишти.

Ушуну менен эле жашыл экономиканын усулдарын иштетүү чектелип калбады, ишкер жигит мончонун, мейманкананы дубалдарын, төбөсүн, полдорун да энергияны үнөмдөө үчүн жылуулоочу каржаттарды пайдаланып жылуулатып алды Бир жакшы иштерди баштасак экинчи багыт да  мени иште деп суранып турат дешет ишерлер. Анын сыңарындай эс алуу базсынын тегерегиндеги калың токойдун күзгү жалбырагы менден компос жасоого болот деп «шыбырап» калышат. Аны да текке кетирбей атайын чуңкурду каздырып  ал жерге жалбырактарды  башка да  калдыктарды көмүү менен келрерки жылга  жер семирткичтерди даярдап алышат

KyrSEFFтин адистеринин эсептөөлөрүнө ылайык жашыл экономиканын усулдарына   жараша  калдыктарсыз иштөө ыкмасын колдонуудан  улам  эс алуу базасында  энергиянын үнөмдөлүшү  47,59 МВтс,болсо, сыртка чыгуучу зыяндуу газдардын көлөмү — 2,46 тонны болду. Ал эми сууну пайдалануу  жылына 1994 м3  га жетти. Мындай көрсөткүчтөргө жеткен ишкерге алган насыясынан 4725 АКШ доллары Европа Союзунан грантка алды

«Учурда сууну жылтпайбыз  андыктан азыр үнөмдөлүп турат. Качан суунун температурасы  жетпей калганда  сууну жылытууга болот. Анда да кайнатып убара болбойбуз  тек ган ысытып коебуз. Бул биздин үнөмдөөбүзгө жана энергияны  пайдалануубузга шарт түзөтв», — деп бил дирди Кубат Кутушов.

Эгер сиз да  ушул KyrSEFF Программасынын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангыңыз келсе  ар кандай  маалыматтарды алууга  кеп–кеңештерди алуу үчүн бул номерлерге байланышыңыз тел.: +996 312 90 17.

Стоматология борбору энергияны үнөмдөөгө багыт алды

Medistom стоматологиялык борбору –  KyrSEFF программасынын алкагында имаратты кайра жаңылоо (реновациялоо) үчүн анын энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу менен каржылоону пайдаланган Бишкектеги биринчи клиника. Клиника 2004-жылы түзүлгөн, жылына 12,5 миңден ашык  пациентти кабыл алат, анын кардарлары дайыма өсүп турат. Келечекте бул стоматологиялык борбор азыркыдан үч эсе көп бейтаптарды кабыл алууну белгилеген жана бул максатты ишке ашыруу үчүн бейтапкананын аянтын 700 чарчы метрге чейин кеңейтүү  каралган. Бул үчүн эки эски  имаратты ремонттоп, аны стоматологиялык процедураларды жүргүзүүгө ылайыктоо керек.

Чынара Амантурова жолдошу экөө бул клиниканы жетектейт. Алар өнөктөш “Оптима” банкка кредит алуу үчүн кайрылганда, аларга имаратты жаңылоо, аянтты кеңейтүү иштерин гана жүргүзбөстөн,инновациялык технологияны пайдалануу менен имараттын энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн да пайдаланууну сунушташкан.  Мындай долбоор KyrSEFFтин туруктуу энергияны каржылоо программасынын критерийлерине шайкеш келет. “Бизге идея жакты, биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну чечтик. Башкысы, биздин долбоорду пландоого жана ишке ашырууга кошумча кыйынчылыктарды жараткан жок, анткени, KyrSEFFтин кеңеш берүүчүлөрү бизге оптималдык технологияларды, жабдуучуларды (поставщиктерди) сунушташты”,-дейт Чынара Амантурова.

Стоматологиялык борбор 80-жылдардын аягында курулгандан бери дегеле жылытылбаган эскирген имараттарда жайгашкан. Долбоордун жаңылоо боюнча алкагында, имараттын бири акыркы кышына чейин таланып кеткен, ал эми экинчисинин аянты фасад куруу менен кеңейтилген. Клиникадагы энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн дубалдары, чатыры жана таманы (пол) жылууланып, энергияны сактоочу терезелер салынган, LED-жарыктандыруу жана эффективдүү жылуулук насостору киргизилген, сууну үнөмдөөчү раковина, душ, унитаздар салынган.

«Биз KyrSEFFтин биздин долбоорду колдоосуна абдан ыраазыбыз. Өтө жылуу жана жарык болуп калды! Албетте, бул бардык жакшыруулар биздин кызматчылардын иштешине, ошондой эле пациенттерге жайлуу, оңтойлуу болушуна ийгиликтүү эффект алып келет», – деди Чынара Амантурова.

Жасалган иш-чаралардын баары бул имаратты пайдалануучулардын жайлуулугун жогорулатуудан тышкары,  клиниканын энергоэффективдүүлүгүнүн көрсөткүчүн көрүнөөрлүк жакшыртты: жылдык энергия үнөмдөө эми 82,9 Мвтч, а сууну үнөмдөө – 859,8 м3ду түздү. Парниктердин газ бөлүп чыгаруусу жылына 5,6 тонна CO2- эквивалентке кыскарды. Мындай жогорку экологиялык көрсөткүчтөргө жетишкени үчүн  зайым алуучуларга, мурда  берилген кредиттердин 15%ына барабар болгон кошумча грант Европалык Союздан берилди.

Заманбап ыкмада иштөө үнөмдөөгө алып келет

Кыргызстан суу ресурстарына бай, бул байлык сактап калууга татыктуу. Сууну пайдалануунун эффективдүүлүгү жана пайдаланылган сууларды туура тазалоо тууралу Чуңкурчактагы этнографиялык “Супара” комплексинин ээлери дайыма кам көрүп келишет. 2019-жылдын сентябрында  KyrSEFF программасынын алкагында  жыл бою 450-500 конокко чейин кабыл алган мейманкана комплексинин алдында пайдаланылган сууларды тазалап туруучу курулма жаңыланган. 

«Биз пайдаланылган сууларды тазалоочу мурдагы курулмалардын сапатына анчалык канааттана берген эмеспиз. Алар суунун оптималдык тазалыгын камсыздай алган эмес,- дейт “Супаранын” каржы боюнча директору  Белек Мамбетов, – биз өзүбүз суунун сапатын текшерип, анын мамлекеттик талаптарга жооп бербей турганын көрдүк. Ошондуктан, биз ал курулманы жаңы, венгердик курулмага ооштурууну чечтик, ал европалык жогорку стандартка жооп берет».

Пайдаланылган сууларды тазалоочу эки тепкичтүү технологиянын болгону үчүн, жаңы курулма сууну 95% тазалыкта чыгарат, бул сугатка жарамдуу келет. Муну менен “Супара” сугат үчүн таза сууну пайдаланууну 30%га же жылына 20000 кубометрге кыскартат.

 «Супара» этнографиялык комплекси – кыргыздардын маданий салттарын, ата-бабалардын жашоо-тиричилигин чагылдырган туристтик долбоор. Комплексти куруу ишинде таш, чопо, саман, кайыш сыяктуу табигый материалдар колдонулган. Бул жагдайда долбоор “экотуризм” кыймылына кирет, андыктан, энергетикалык ресурстарды жана сууну жоопкерчиликтүү пайдалануу “Супара” этнографиялык комплексинин кадыр-баркынын эң маанилүүсү болуп кала бермекчи.

 «Биздин коноктор, жергиликтүүлөр сыяктуу чет элдиктер да албетте, “Супаранын” экологиялык аспектисине көңүл бурушат. Анан да, комплекс аябай кооз жерде жайгашкан. Баарыбыз үчүн айлана-чөйрөбүздү тазалыкта сактоо маанилүү», – деп белгилейт Мамбетов.

«Супаранын» жетекчилиги KyrSEFF менен кызматташууга ыраазы жана алар өздөрүнүн долбоорун KICB банкынын сунуштамасы аркылуу беришкен. «KyrSEFF кызматкерлери бизге абдан жардам беришти, бизге жакшы көңүл буруп, кенештери пайдалуу болду. Долбоор тезинен ишке ашканына абдан кубандык. Августта  өтүнмө берсек, сентябрда насыя алдык, иштерибиз бир айда эле бүттү», – дейт Мамбетов.

Үнөмдөө ресурстарынын көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча долбоорду ишке ашырууга “Супара” Европалык Биримдигинен алган насыясынын 15%дык өлчөмүндөгү кошумча грант алууга мүмкүндүк алды.