KyrSEFF III программасынын алкагында ишкер субъекттерге жана үй чарбаларга жалпысынан 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлөт

Кыргыз Республикасында жүздөгөн ишкер субъекттер жана үй чарбалары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Мүдүрлөр кеңеши тарабынан бекитилген жаңы каржылоо программасынын аркасында өз өндүрүшүн модернизациялоо, климаттын өзгөрүшүнө натыйжалуулукту жана туруктуулукту жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кыргыз Республикасында туруктуу энергияны каржылоо программасынын III (KyrSEFF III) алкагында өлкөдөгү чакан жана орто бизнести жана үй чарбаларды насыялоо үчүн өнөктөш […]
KyrSEFF өнөктөш банктардын мыкты насыя адистерин аныктады

KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасы 2020-жылдын аягында Кыргыз Республикасында энергияны жана ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “жашыл” долбоорлор менен иштөөнүн мыкты көрсөткүчтөрүн көргөзө алган өнөктөш банктарынын (Демир Кыргыз Эл аралык Банкы, Кыргыз Инвестициялык жана Кредиттик Банкы (KICB), ААК “Оптима Банк”, ЖАК “Компаньон Банк”, ЖАК “Биринчи МикроФинансылык Компания”) насыя адистеринин ортосунда улуттук сынактын жыйынтыгын чыгарды. Эске сала […]
Евробиримдик Кыргызстандагы “Жашыл” долбоорлорду колдоону улантмакчы

Бул тууралуу Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо (KyrSEFF) программасынын долбоорлору менен Ош облусундагы таанышуу учурунда Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр мырза билдирди. Белгилей кетүүчү нерсе, Европа Бирлиги Жашыл келишим стратегиялык планын EU Green Deal кабыл алган, ага ылайык, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу дүйнө жүзү боюнча Европа Бирлигинин алкагындагы иш-аракеттердин негизги […]
Ош шаарынын тургуну Динара Азимбекованын жылууланган үйү

Динара Азимбекованын үй-бүлөсү бир нече жыл мурун Ош шаарынан аянты 100 чарчы метрди түзгөн жер там сатып алышкан. Үй эски ыкма менен курулгандыктан, кыштын келиши менен ал жакта бир-эки жума жашаган соң, үй-бүлө көп кабаттуу үйдөгү жылуу батирине кайтууга аргасыз болгон. “Күнүнө 5-6 чака көмүр менен жылытып жаттык, бирок изоляциясы жок үй өзүнүн кесептетин көргөздү. […]
Ош шаарында энергонатыйжалуу ресторан иш алып барууда

Ош шаарынын тургуну Тимур Ибраимов көп жылдан бери заманбап талаптарга жооп берген италия ашканасындагы ресторанын ачууну кыялданып келген. “Ош шаарында көп түрлүү коомдук тамактануу жайлары бар. Андыктан италия ашканасы менен ресторан ачууну көптөн бери ойлоп жүргөм. Көп жылдан берки досум – Бишкектеги Dolce Vita ресторандар тармагынын ээси Джорджио Фонтананын колдоосу менен үч жыл мурун кыялымды […]
Жылытуу системасы жок – жылуу үй!

Ош облусунун Гүлчө айылында аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн убактылуу турак-жай менен камсыз кылган аскер шаарчасы бар. “Убактылуу” деп өзү эле айтып тургандай, аскер кызматкелери пенсияга чыкканга чейин жеке үй алуулары абзел. Буга мисал катары биздин кардарыбыз Эллада Мырзаклованын үй-бүлөөсүн алсак болот. Эллада айымдын жолдошу аскер адамы, ал бир жыл мурун пенсияга чыккан. Жолдошу кызмат өтөп бүткөндүгүнө […]
Айлана чөйрөнү сактоого ар бир адам милдеттүү

Жаз айын – кыштын суугунан жана бүткүл Бишкекти каптаган түтүндөн кийин тосуп алуу кандай гана кубанычтуу. Быйылкы кыш экологиялык кырдаалды сактап калуу үчүн “жашыл” чечимдерди ишке ашыруу боюнча токтоосуз чараларды көрүү зарылдыгын дагы бир жолу тастыктады. Белгилей кетүүчү жагдай, экологиянын начарлашына сенсация жараткан – ЖЭБ гана күнөөлүү эмес, негизги үлүш жеке секторлорго, борборубузду тыгыз курчоого […]
Жылуу үй – бакубат карылык

Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылында 1000ге жакын үй-бүлө жашайт. Кирешенин негизги булагы болуп ири мүйүздүү мал эсптелингендиктен, жарандардын жашоо деңгээли малдын санына жараша аныкталат. Ар бир үй-бүлөнүн максаты малдын санын көбөйтүү болгондуктан, көпчүлүк жарандар дал ушул тармакка инвестиция кылууда. Үч жыл мурун Касымкуловдордун үй бүлөсү 70-жылдары салынган эски үйүнө оңдоп-түзөө иштерин жасоону чечишкен.Үйдүн кожоюну […]
Өзгөрүүгө себеп болгон – пандемия

COVID -19 илдети көпчүлүк кыргызстандыктардын жашоосун өзгөрттү десек болчудай. Пандемия кимдир- бирөө үчүн трагедияга айланса, бирөөлөр үчүн турмушун өзгөртүп, жашоого болгон көз карашын башка нукка бурулушуна түрткү болду. KyrSEFF программасынын кардары болгон Темирлан Адылчаевдин жашоосундагы өзгөрүүлөр дагы дал ушул пандемияга байланыштуу. Биздин кардар COVID -19 илдети күчөп турган, карантин мезгилинде үй бүлөсү менен тоого жакын […]
Евросоюз гранттарынан “Жашыл чечим” үчүн мотивация

Жеке менчик үй куруу ар бир мырзанын кыялы деп айтсак жанылышпасак керек,Бишкек шаарынын тургуну Бактыбек Жээналиев дагы жеке менчик үй курууну кыялданып жургөн.Көп кабаттуу квартирада жашоо беш балалуу Жээналиевдердин үй-булөөсүнө жыл өткөн сайын ынгайсыз боло баштаган. Уй куруу планы ар кандай себептерден улам жылдырылып келген.Ар бир кыйынчылык жакшылыкка делгендей,пандемиядан улам карантин маалында көптөгөн жарандарыбыз квартираларынан […]