KyrSEFF+ Европалык Өнүгүү жана Реконструкция банкы тарабынан ийгиликтүү иштелип чыгып 2016 жылдын ноябрь айынан тартып иштеп баштаган, 35 миллион АКШ долларга барарбар каржылоо программасы. KyrSEFF программасы IFCA Европа Биримдигинин фонду тарабынан колдолгон 35% чейинки грант жана техникалык кеңеш берүү. KyrSEFF+ насыялары өнөктөш банктар аркылуу берилет.
KyrSEFF+ программасы KyrSEFF программасынын ийгиликтүү тажрыйбасында түзүлгөн. KyrSEFF программасынын алкагында 630дан ашык үй чарба жана 60 бизнес ишканаларды насыя жана грант менен колдогон.
KyrSEFF+ энергоэффективдүүлүктү гана колдобостуктан, үй-чарба жана бизнес ишканаларындагы сууну сарамжалдуу колдонуу Кадамдарын колодойт.
KyrSEFF+ кайсы кадамдарды колдойт:
- Батирлер, турак-жай ээлери жана жеке үй-чарбалары үчүн энергоэффективдүүлүк жана суу сарамжалдуулукту камсыздоо үчүн инвестициялар. Инвестициялар дубалды жылулоодон жаан суусун топтоо жана күн нурун колдонууда үй-бүлөөнүн каражатын сарамжалдоочу иновациялык чечимдерди камтыйт.
- Жеке өндүрүштүк ишканалар, айыл чарба мекемелери жана кызмат көрсөтүү секторундагы инвестициялар сууну, энергияны жана башка ресурстарды үнөмдөө мүмкүндүгүнө жетүүгө шарт түзөт. Бул инвестициялар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: өндүрүштүк ишканалар үчүн жаңы натыйжалуу жабдуулар, агынды сууларды тазалоочу чакан (компактуу) системалар жана ошондой эле мейманканалар үчүн энергияны үнөмдөөчү түзүлүштөр, тамчылатып сугаруу, айыл чарба техникасы жана д.у.с.
- Кыргызстанда өндүрүүчүлөрдүн, жеткирип берүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчулөрдүн энергия жана ресурс үнөмдөө технологияларынын рыногун кеңейтүү максатында инвестициялар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: материалдык, операциялык базаны кеңейтүү, көбөйтүү, жана д.у.с. Сураныч, көңүл буруңуз, жабдуучулар үчүн насыялар грант менен колдоого көрсөтүлбөйт.
Коммерциялык жана жеке инвесторлор KyrSEFF+ командасынан өзүнүн энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү инвестициялардын эң керектүү чечим тандоодо үчүн колдоо жана кенеш суратып алышы мүмкүн.