COVID -19 илдети көпчүлүк кыргызстандыктардын жашоосун өзгөрттү десек болчудай. Пандемия кимдир- бирөө үчүн трагедияга айланса, бирөөлөр үчүн турмушун өзгөртүп, жашоого болгон көз карашын башка нукка бурулушуна түрткү болду.

KyrSEFF программасынын кардары болгон Темирлан Адылчаевдин жашоосундагы өзгөрүүлөр дагы дал ушул пандемияга байланыштуу. Биздин кардар COVID -19 илдети күчөп турган, карантин мезгилинде үй бүлөсү менен тоого жакын Чүй областындагы Аламедин районунун Беш- Күнгөй айылына көчүү чечимине келген. 

“ Карантинде көп кабаттуу үйдүн батиринде камалып отуруу биздин үй бүлө үчүн чоң сыноо болду десем жанылышпайм. Эшике чыгып, таза абада дем алып, шишкебек бышырып жаткан жер үйдө жашаган тааныштарыма ошол учурда суктандык. Карантин учурунда мындай мумкунчулук батирде жашагандар үчүн кол жеткис эле. Ушул себептен карантиндин бүтүшү менен батиримди сатып, борбодон алыс эмес жайгашкан айылдардын бирине үй салуу чечимине келдим. Беш-Күнгөй айлынан келишим баада жер тилкесин сатып алып, үй курууга кириштим. Өзүм дагы курулушта жаңы технологияларды колдонууга кызыккандыктан, үйүбүздү энергонатыйжалуу, сейсмотуруктуу жана экологиялык талаптарга жооп бере тургандай кылып курууну чечтим”– дейт Темирлан Адылчаев.

Кожоюн баардык жылуулоо каражаттарын жана ар кандай калыңдыктагы базальт плиталарын Россиядан алдырткан. Бул жылытуучу материал менен дубал (калыңдыгы 100мм), шып (калыңдыгы 150 мм), жана пол технониколь carbon (калыңдыгы – 100 мм) менен жылууланган, жана 5 камералуу энергия үнөмдөөчү айнектен даярдалган терезелер орнотулган. Ал эми газ меши жогорку (пайдалуу аракет коэффиценти менен) тандалып алынган, үйдүн аба айлануусунда вентиляцияны камсыз кылуу жана жылытуу учун үйгө жылуулук насосу орнотулган. Бекем үйдүн негизин түзгөн фундаметти жылуулоо үчүн «Технониколь Carbon» пенополистиролу колдонулган.

 “Энергонатыйжалуу үй куруу көп каражатты талап кылгандыктан Бишкектеги батирибизди саткандан түшкөн акчабыз дагы жетиштүү болгон жок. Бул себептен банкка кайрылууга туура келди, кредиттик адистин сунушу менен гранттык колдоосу бар KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынан 3 000 000 сом өлчөмүндө насыя алдым. Аталган сумманы курулуш учурунда энергоүнөмдөө иш – чараларынын комплексине жумшап, ийгиликтүү аткарылган иш үчүн Европа Биримдигинен 4 181,72 АКШ долларын бонус катары алууга жетиштим. Бул кыш биздин жаңы, жарык, жылуу жана жайлуу үйүбүздөгү биринчи кыштообуз. Үй бүлөмдүн ыңгайлуу,бакубаттуулугу үчүн аткарган аракетимдин жыйынтыгына ыраазымын. Энергоүнөмдүү терезелер кышкысын жылуулукту жакшы кармап, жайында ысык абанын киришинен коргогондугу жакты. Табигий газ Беш -Күнгөй айылына чейин тартылбагандыктан, быйыл үйдү электрэнергиясы менен энергиянатыйжалуу жылытуучу насос аркылуу жылытууга туура келди, буюрса эмки жылы газ биздин айылга дагы жетет деген ишеничтебиз”- дейт өз ойлору менен бөлүшкөн кожоюн.

Темирлан Адылчаевдин курулуш тармагында топтогон 20 жылдык, анын ичинде Европадан алган бай тажрыйбасы, заманбап технологияларды пайдалануу менен курулган үйүнүн долбоорун иштеп чыгууда чоң роль ойногонун белгилеп кетпесек болбос. Каарманыбыздын сапаттуу жана энергонатыйжалуу материалдарды тандаганы жөн жерден эмес. Анткени кардарыбыз табиятка камкордук көрсөткөн, жоопкерчиликтүү жарандардан катарын толуктайт. Учурда көйгөйгө айланган шаардагы абанын абалын эске алуу менен жер там салам деп турган ар бир жаран жылуулук системасын тандоодо, экологияга аяр мамиле керек экендигин унутушпаса. Мамлекетибизде “жашыл экономиканын” өнүгүшүнө ар бир жаран социалдык жоопкерчилик аркылуу салым кошо алат.

KyrSEFF инженер-адистеринин эсептөөлөрү боюнча үй куруудагы аткарылган энергонатыйжалуулук боюнча иш аракеттер ар жылы 85 МВт\саат үнөмдөөгө жана СО2нин 57 тоннага кыскарышына өбөлгө түзөт.