2021-жылдын 12-мартында  KyrSEFF программасынын алкагында республиканын түштүгүндө бизнес жана турак жай секторунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу максатында Европа Биримдигинин (ЕС) Өкүлчүлүгүнүн кызматкери Бакыт Айтуганов катышкан жумушчу делегация, Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигинин мониторинг боюнча консультанты Лейла Талипова жана KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын башкы менеджери Нурзат Абдырасулова Ош облусуна иш сапары менен келишти.

Коноктор үчүн бир катар объектилерге зыярат уюштурулган жана биринчилерден болуп ишкер Тимур Ибраимовдун ресторанына барышкан.Тимур мырза KyrSEFFтин колдоосу менен 85 577,61 АКШ доллары суммасындагы каражатка ресторанында бир катар энергияны үнөмдөөчү  чечимдерди: жылуулоо, жылытуу үчүн VPC тутумдарын орнотуу, сууну үнөмдөө, энергияны үнөмдөөчү жарык жана пиво чыгарганга жабдыктарды орнотуу сыяктуу иш-чараларды аткара алган.

“Жеке менчик италия ресторанын ачуу менин көп жылдардан берки кыялым болчу. Ошентип, 3 жыл мурун, кыялым орундалды, Ош шаарында биринчи үч кабаттуу европалык ресторан ачууга жетиштим. Бирок тилекке каршы бардыгы  шашылыш түрдө жасалып калды. Ресторанда экинчи кабат (үй-бүлөөлүк) жана үчүнчү кабат (түнкү бар) гана иштеп жатты, биринчи кабаттын долбоору (Бавариялык пиво заводу) ишке киргизилбей турду. Комплекстүү энергияны үнөмдөөчү долбоорду жүзөгө ашырууга чейин электр энергиясын колдонууга гана айына 140 000 сомго чейин акча коротчумун. KyrSEFFтин каржылык колдоосунун жардамы менен мен светодиоддук лампаларды, суу сактоочу бактарды, суу эсептегичти жана фильтрди, ВРС- системасын (жылытуу, муздатуу, желдетүү) орнотуп, биринчи кабатын жылуулап, акыры Германияда чыгарылган пиво жасоого жабдыктарды (Schulz Brewery) койдурттум. Бүгүнкү күндө эле электр энергиясына болгон жеке чыгымдар айына 80 000 сомго чейин төмөндөтүлүп, бардык кабаттар жылуу жана ыңгайлуу болуп калды”– дейт Тимур Ибраев.

Тимур конокторду имарат менен тааныштырып, бардык иш-чараларды сыймыктануу менен көрсөттү. Энергияны үнөмдөө жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп жана өз бизнесин кеңейтүү боюнча келечектеги пландары жөнүндө айтып берди. Учурда ишкер  Европа Биримдигинин грантын алуу үчүн KyrSEFF командасынын кароосуна бардык керектүү документтерди тапшырып анын жактырылышын күтүп жатат. KyrSEFF консультанттарынын эсептөөлөрү боюнча, энергияны үнөмдөө боюнча иш-чаралардын аркасында ишкер жылына 184 МВт / саат көлөмүндө энергияны үнөмдөп, атмосферага зыяндуу  CO2нин  көлөмүн жылына 10,4 тоннага азайта алган. Ошондой эле жылына 1814 м3 көлөмүндө сууну үнөмдөйт.

Андан ары коноктордун иш сапары түштүк борбордун жеке секторрлорунун бири,  тактап айтканда Айнагүл Насырованын үйүндө уланды. Программа аркылуу ал 800 000 сом суммасында насыя алып, үйдүн тышкы дубалдарын, полун, шыбын жылуулап, 5 камералуу, энергияны үнөмдөгөн айнектери менен ПВХ терезелерин орнотуп, изоляцияланган, брондолгон эшик койдурган. Мындан тышкары, жаңыланган жана сертификатталган  буу – жылытуу тутуму менен газ меши орнотулган. Эске сала кетүүчү нерсе колдонулган бардык материалдар KyrSEFF программасы тарабынан бекитилген стандарттарга жана техникалык талаптарга жооп берет. Ийгиликтүү долбоор үчүн Айнагүл эже Европа Биримдиги тарабынан 1 988,48 АКШ доллары өлчөмүндө грант алууга жетишти.

Ушундай эле иш-чаралар KyrSEFFтин дагы бир кардары – Динара Азимбекова тарабынан ишке ашырылды. Программанын 1 000 000 сом өлчөмүндөгү каржылык жардамы менен, кардарыбыз энергияны үнөмдөгөн эки кабаттуу жана 5 камералуу терезелер, сырткы дубалдарын, полун, шыбын жылуулап, сертификатталган меш орнотууга жетишкен.

«Биз үйүбүздү бир нече жыл мурун сатып алганбыз, бирок дээрлик бул жерде жашаган эмеспиз. Үй мурда жылууланган эмес, терезелери жана жылытуу тутуму эски болгон. Жайында үйүн ичинде дем жетпесе, кышында канчалык от жакканыбызга карабай  аябай суук болчу. Күнүнө 5-6 чака көмүр жакчубуз, бирок андан деле эч кандай майнап чыкчу эмес. Жылуулук изоляциясын, энергияны үнөмдөгөн терезелерди жана жаңы меш орноткондон баштап, абал түп-тамырынан өзгөрдү. Азыр үйүбүздү “термос үй” деп атап каебуз жана ал жылытылбаса дагы жылуулукту кармап турат ”, – деп бөлүштү Динара Азимбекова.

Коноктор менен болгон баарлашууда Динара эже жыйынтыктары менен кубанып бөлүшүп өттү, натыйжада энергияны арзандатууга гана эмес, үйүндө жашоо шарттары жакшыргандыгын да  баса белгиледи. Ал Европа Биримдигинен 200 000 сом өлчөмүндө алынган грант үчүн өзгөчө ыраазы.

Жумушчу делегациянын иш сапарынын акыркы объектиси «Дармек Фарм» компаниясынын имараты болду. Компаниянын негиздөөчүсү Заир Киргизбаев KyrSEFFтин эң үлгүлүү кардарларынын бири. Анын окуясы Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын веб-сайтындагы аткарылган мыкты иштер тизмесине киргизилген. Бизнесмен, KyrSEFF программасынын насыясынын эсебинен энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча иш-чаралардын бардыгын ишке ашырган жана анын бүгүнкү долбоору “жашыл бизнестин” мисалы болуп саналат. Заир Киргизбаев келечектеги пландары менен бөлүшүп, ата мекендик экономиканын “жашыл” келечегин өнүктүрүүнү ишкерлердин түшүнүүсүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтты.

KyrSEFF программасынын статистикасы көрсөткөндөй, түштүк региондордо энергияны жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө умтулган аң-сезимдүү тургундар көбөйүүдө. Жергиликтүү жашоочулар үчүн Европа Бирлигинин гранттары ( “акчалай стимул” ) энергияны үнөмдөө жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирлерди азайтуу үчүн олуттуу түрткү берүүдө.