Нарын шаарынын тургуну Шарапат Касманбетованын үй бүлөсү 2018-жылы аянты 140 чарчы метр болгон чоң үй курушкан.Үй салууга көп суммадагы каражат жумшалгандыгына байланыштуу, үй ээлери турак жайды жылуулабай эле коюуну туура көрүшкөн жана бул чечими үчүн кийин абдан өкүнүп калышты.

«Турак жайдын долбоорун чийип жатканда, биз аянты чоң, кооз үйдү пландаштырганбыз, бирок көптөгөн майда маселелерди эске албаптырбыз. Иш жүзүнө келгенде кабыл алынган кээ бир чечимдердин мүмкүн эмес экендигин түшүндүк. Биздин үй-бүлөбүз чоң эмес, себеби дегенде улуу балдарыбыз бөлүнүп кетишкен. Азыркы убакта үчөөбүз эле жашайбыз: мектепте окуган уулум, жолдошум жана мен. Ошондуктан, 2018-жылдын кыш мезгили биз үчүн эң кымбат кыш болуп калды. Себеби дегенде, ай сайын үйдү  жылытууга электр энергиясы үчүн 20 000 сомго төлөөгө туура келди, андан тышкары кышка 5 тонна көмүр сатып алдым », – дейт Шарапат Касмамбетова.

Кышында абанын температурасы – 40 градуска чейин  жеткен, өлкөнүн эң суук аймагы болуп саналган – Нарын облусунун тургуну  Шарапат эженин кыжалаттануусуна себеп бар. Кардарыбыз жылытуу мезгилинде  5 тонна көмүрдүн наркы жана айына электр энергиясы үчүн акы 20 миң сомду  кошкондо дээрлик 140 миң сомго чыгашага учуроодо. Албетте, үй ээлери мындай абалга чыдай алышкан жок. Шарапат эже туруктуу энергетиканы каржылоо программасы KyrSEFFтин өнөктөш банктарынын бири болгон “Компаньон” банкына  кайрылып, 300 миң сом өлчөмүндө насыя алган. Алынган каражат тышкы дубалдарды 50 мм калыңдыктагы пенопласт менен жылуулоого жумшалган.

“ Биз ушул кышта айырмачылыкты дароо сездик. Электр энергиясына болгон чыгаша беш эсе арзандады, биз 3 тонна көмүр сатып алдык жана бул кыштын аягына чейин жетиштүү болот деп ойлойбуз. Белгилей кетчү нерсе үйдү жылуулоо – үй-бүлөөлүк бюджетти үнөмдөөгө жардам берди. Азыр үнөмдөлгөн акча башка муктаждыктарга (балдардын билим алуусу, тамак-аш, кийим-кече) жумшалуу менен  жашоо сапатты да жакшыртты. Ал эми гранттан алынган 60 000 сом электр энергиясынын акысына төлөндү ”, – дейт Шарапат Касмамбетова.

KyrSEFF программасынын инженери Айбек Аскарбековдун эсептөөсүнө таянсак Шарапат Касмамбетованын  үй куруудагы энергонатыйжалуулук боюнча аткарылган  иш аракеттери ар жылы 31 МВт/саат электр энергиясын үнөмдөөгө  жана СО2нин  21 тоннага кыскарышына өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, кыш дээрлик 6 айга созулган Нарын облусунун тургундары кирешелеринин көпчүлүгүн үйлөрүн жылытууга жумшашат. Демек, үйдү жылуулоо маселеси ар бир үй-бүлө үчүн эң актуалдуу болуп келет. KyrSEFF программасында гранттык компоненттин болушу карапайым калк үчүн мыкты бир стимул болууда. Адамдар насыяларды өз муктаждыктары үчүн колдонууга көнүп калышкан (майрамдык салтанаттарды өткөрүү, унаа, кыймылсыз мүлк сатып алуу ж.б), бирок энергияны үнөмдөөгө, үйгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө каражат жумшоо адатка айлана элек. Демек, Европа Биримдигинин гранттык каржылоосу, калк үчүн бир жагынан стимул болсо, экинчи жагынан, жаратылыш байлыктарын жана өз каражаттарын үнөмдөө жаатында аң-сезимди жогорулатууга багытталган асыл миссияны өзүнө камтыйт.

KyrSEFFтин консультанты Айбек Аскарбеков, акыркы бир нече жылдан бери адамдар энергияны үнөмдөөгө көбүрөөк кызыгып жатышкандыгын баса белгиледи. Мисал катары, KyrSEFF программасы ишке ашырылгандан бери (2013-жылдан баштап) Нарын облусунда  энергияны үнөмдөө боюнча 659 долбоор ишке ашырылган, анын 233ү 2020-жылы аткарылгандыгын белгилей кетпесек болбойт. KyrSEFFтин аймактагы ишмердүүлүгү жылына 9 551 МВт/саат энергияны үнөмдөөгө жана CO2нин жылына 6 725 тоннага азайышына алып келет.