Кыргызстан суу ресурстарына бай, бул байлык сактап калууга татыктуу. Сууну пайдалануунун эффективдүүлүгү жана пайдаланылган сууларды туура тазалоо тууралу Чуңкурчактагы этнографиялык “Супара” комплексинин ээлери дайыма кам көрүп келишет. 2019-жылдын сентябрында  KyrSEFF программасынын алкагында  жыл бою 450-500 конокко чейин кабыл алган мейманкана комплексинин алдында пайдаланылган сууларды тазалап туруучу курулма жаңыланган. 

«Биз пайдаланылган сууларды тазалоочу мурдагы курулмалардын сапатына анчалык канааттана берген эмеспиз. Алар суунун оптималдык тазалыгын камсыздай алган эмес,- дейт “Супаранын” каржы боюнча директору  Белек Мамбетов, – биз өзүбүз суунун сапатын текшерип, анын мамлекеттик талаптарга жооп бербей турганын көрдүк. Ошондуктан, биз ал курулманы жаңы, венгердик курулмага ооштурууну чечтик, ал европалык жогорку стандартка жооп берет».

Пайдаланылган сууларды тазалоочу эки тепкичтүү технологиянын болгону үчүн, жаңы курулма сууну 95% тазалыкта чыгарат, бул сугатка жарамдуу келет. Муну менен “Супара” сугат үчүн таза сууну пайдаланууну 30%га же жылына 20000 кубометрге кыскартат.

 «Супара» этнографиялык комплекси – кыргыздардын маданий салттарын, ата-бабалардын жашоо-тиричилигин чагылдырган туристтик долбоор. Комплексти куруу ишинде таш, чопо, саман, кайыш сыяктуу табигый материалдар колдонулган. Бул жагдайда долбоор “экотуризм” кыймылына кирет, андыктан, энергетикалык ресурстарды жана сууну жоопкерчиликтүү пайдалануу “Супара” этнографиялык комплексинин кадыр-баркынын эң маанилүүсү болуп кала бермекчи.

 «Биздин коноктор, жергиликтүүлөр сыяктуу чет элдиктер да албетте, “Супаранын” экологиялык аспектисине көңүл бурушат. Анан да, комплекс аябай кооз жерде жайгашкан. Баарыбыз үчүн айлана-чөйрөбүздү тазалыкта сактоо маанилүү», – деп белгилейт Мамбетов.

«Супаранын» жетекчилиги KyrSEFF менен кызматташууга ыраазы жана алар өздөрүнүн долбоорун KICB банкынын сунуштамасы аркылуу беришкен. «KyrSEFF кызматкерлери бизге абдан жардам беришти, бизге жакшы көңүл буруп, кенештери пайдалуу болду. Долбоор тезинен ишке ашканына абдан кубандык. Августта  өтүнмө берсек, сентябрда насыя алдык, иштерибиз бир айда эле бүттү», – дейт Мамбетов.

Үнөмдөө ресурстарынын көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча долбоорду ишке ашырууга “Супара” Европалык Биримдигинен алган насыясынын 15%дык өлчөмүндөгү кошумча грант алууга мүмкүндүк алды.