
Ош облусунун Гүлчө айылында аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн убактылуу турак-жай менен камсыз кылган аскер шаарчасы бар. “Убактылуу” деп өзү эле айтып тургандай, аскер кызматкелери пенсияга чыкканга чейин жеке үй алуулары абзел. Буга мисал катары биздин кардарыбыз Эллада Мырзаклованын үй-бүлөөсүн алсак болот.
Эллада айымдын жолдошу аскер адамы, ал бир жыл мурун пенсияга чыккан. Жолдошу кызмат өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсү кызматтык батирди бошотушу керек болгон. Туура үч жыл бою алар Гүлчө айылынан алынган 8 сотых жер тилкесине жаңы үй куруу менен алектенип жүрүшкөн. Ошого байланыштуу Мурзакуловдордун үй-бүлөөсүнүн маселеси бактыга жараша тез чечилген.
“Жолдошум экөөбүз тең мамлекеттик кызматкер болгондугубузга байланыштуу, айлыктарыбыз аз. Курулушту бүтүрүүгө каражатыбыз жетишсиз болуп жатты. Биз банктан насыя алалы деп, алардын шарттарын кылдаттык менен узак убакыт изилдеп жүрдүк. Банктардын биринде KyrSEFF туруктуу энергетикалык каржылоо программасынын алкагында үйдү жылуулоого пайдалуу инвестиция алса боло тургандыгын айтып беришти. Биз толук маалымат алган соң, үй-бүлөлүк кеңеште жылуулук изоляциясынын бардык талаптарына жооп берген жаңы үйдү жылуулоо үчүн насыя алууну чечтик”,- дейт Эллада Мырзакулова.
Алынган 500 миң сомдук насыя энергияны үнөмдөгөн эки кабаттуу терезелерди орнотууга, шыптын, полдун жана дубалдардын минералдык пахтадан жасалган изоляциясына жумшалган. Жогоруда аталган иш-чаралардын ишке ашырылышы, үйдө жылуулук тутумунун жоктугуна карабастан + 22 градуска чейинки эң ыңгайлуу температураны сактоого мүмкүндүк бере алды.
«Чындыгында, жаңы үйүбүздө жылытуу системасы жок, быйыл кыштан жылыткычтардын жардамы менен чыктык. Кыштын эң суук айларында электр энергиясы менен жылытуу үчүн айына болгону 2000 сом гана төлөдүк. Үйдүн туура жылуулоонун натыйжасында бардык бөлмөлөр жылуу кармалды », – дейт Эллада эже.
2021-жылдын январь айында Мурзакуловдордун үй-бүлөсү энергияны үнөмдөө чараларын ийгиликтүү жүзөгө ашыргандыгы үчүн Европа Биримдигинен 963,58 АКШ доллары өлчөмүндө грант ала алышкан. Эллада Мурзакулова келип түшкөн каражатты жылуулук тутумун орнотууга жумшоону пландап жатат.
KyrSEFF консультанттарынын эсептөөлөрү боюнча, Мурзакуловдордун үй-бүлөсү тарабынан жүзөгө ашырылган энергияны үнөмдөө иш-чаралары жылына 14,3 МВт / саат сактоого жана CO2 көлөмүнүн жылына 7,54 тоннага азайткан.