Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылында 1000ге жакын үй-бүлө жашайт. Кирешенин негизги булагы болуп ири мүйүздүү мал эсптелингендиктен, жарандардын жашоо деңгээли малдын санына жараша аныкталат. Ар бир үй-бүлөнүн максаты малдын санын көбөйтүү болгондуктан, көпчүлүк жарандар дал ушул тармакка инвестиция кылууда. 

Үч жыл мурун Касымкуловдордун үй бүлөсү 70-жылдары салынган эски үйүнө оңдоп-түзөө иштерин жасоону чечишкен.Үйдүн кожоюну курулуштагы маанилүү жетектөө иштерин энергияга бай жубайы-Эркинбүбү апага тапшырган. Эркинбүбү апа борбор калаабызга курулуш материалдарын алууга келген. Бирок тилекке каршы ремонт учурунда куруучулар дубалдарды тазалап жатып,ал жактагы чон жаракалардын бар экендигин кабарлашкан. (Балким бул эпицентри ушул айылдарга жакын болгон 6,6 баллга жеткен жер титирөөнүн ( 26.12.2006) себебинен болгон). Эски үйдүн авариялык абалда экендиги белгилүү болгон соң, көпкө ойлонбой жаңы үй куруу чечимине келишкен.

Биринчи жылы үйдүн фундаменти куюлган,экинчи жылы-дубалы тургузулуп, ал эми үчүнчү жылы 2020-жылдын жаз айында үйдун кожоюну Кулбек байке айылдын чогулуштарынын биринде туруктуу энергияны каржылоо программасы KyrSEFF тууралуу угуп калат. Ошол учурда программанын адистери Кочкор районун тургундары жана банк адистери үчүн атайын маалымат таратуу иш-чараларын өткөрүп жатышкан. Алар катышуучуларга курулуш баскычында энергияны үнөмдөөчү иштерди аткаруу канчалык пайдалуу жана маанилүү экендигин айтып берип,Кулубек байкенин суранычы менен KyrSEFFтин адистери Кара-Суу айылындагы жаңы үйүнө барып, изилдеп, көптөгөн энергияны үнөмдөө боюнча кеңештерди берип кайтышкан. Кулубек байкеге энергонатыйжалуу үйдү куруу иштерин баштоого адистерден алынган маалыматтар түрткү болгон.

«Биз KyrSEFFтин гранттык колдоосуна – Биринчи Микрофинансылык Компанияга жана KICB банкына эки жолу кайрылдык, биринчи жолу шыпты, дубалды, полду жылуулоо жана энергияны үнөмдөгөн терезелерди орнотуу үчүн 500000 сом көлөмундөгү насыя алдык. Ал эми 400000 сом өлчөмүндөгү экинчи насыя жылытуу тутумун жана жогорку натыйжалуу биомасса мешин орнотууга жумшалды. Ачыгын айтканда, мен алгач мындай мешти коюуга каршы болдум, себеби эски үйдө орнотулгандай эле үй жылытууга жана тамак бышырууга да ыңгайлуу болгон кадимки мешти каалагам. Бирок азыр бардыгы артта калды. Чоң, ынгайлуу жана жылуу үйдө жашап жаткандыгыбызга кудайга шугур,ушул жазда KyrSEFFтин адистери менен жолугуп калганыбызга терең ыраазымын. Алардан алган маалыматтар болбосо, балким үйүбүздү эски ыкма менен курмакпыз жана азыркыдай энергонатыйжалуу жылуу үйдун ээси болмок эмеспиз», – дейт Эркинбүбү Касымкулова.

Эркинбүбү апанын айтымында жаңы меш чыгашаларды бир кыйла кыскарткан, күнүнө болжол менен 3 чака гана көмүр керектелет, ал эми жылуулук- дубалдын, шыптын жана полдун жылытуучу материалдары аркылуу күнү бою сакталып турат.

“Мурда биз кышка 3 тонна көмүр сатып алчубуз жана дагы үйдү жылытууга жайында жыйып даярдаган тезектерди колдончубуз. Эски жыгач терезелерди кебез, желим пленканын жардамы менен жылуулап чыкчубуз. Мындай ыкманы азыр деле көптөгөн үй ээлери колдонушса керек. KyrSEFF программасы менен кызматташуунун натыйжасында үйдү туура жылуулоо жана жашаган турак жайга инвестиция кылуу, жашоонун сапатын жакшыртуу, үй-бүлөң үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү канчалык маанилүү экендигин түшүндүк. Мага терезелер өзгөчө жакты, анткени суукту киргизбей, жылуулукту сактап жана үйүбүздү жакшы жарыктандырып сүйүндүрүүдө. Мен терезенин жанына олтуруп алып тикмечилик менен алектенгеди жактырам, бул менин азыркы учурдагы жакшы көргөн иштеримдин бири”, -деп Эркинбубу апа кубанычы менен бөлүштү.

Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын тургундары KyrSEFF программасынын финансылык мүмкүнчүлүктөрү жана пайдасы тууралуу абдан жакшы кабардар. Эң негизги нерсе программанын алкагындагы өткөрүлүп жаткан маалыматтык иштер,себеби жыл санап жарандар материалдарды тандоо,туура жылуулоо,энергияны жана акча каражатын үнөмдөө боюнча терең маалымат алышууда. Аба ырайы, өсүмдүктөрдүн сапаты, экономика жана ар бир адамдын ден-соолугу табиятка болгон аяр мамиледен көз каранды. Жылдан-жылга адамдардын экологиялык ой жүгүртүүсүүнүн өзгөрүүсү абдан кубандырууда. 

KyrSEFFтин инженерлеринин эсептөөлөрү боюнча эки долбоор менен ишке ашырылган, аянты 207 м2 түзгөн Касымкуловдордун жаңы үйүндөгү энергонатыйжалуу иш-чаралар ар жылы 57 596 кВт/саат энергияны үнөмдөөгө жана 44 869 тонна көлөмүндөгу СО2 азайышына алып келет.