
Жеке менчик үй куруу ар бир мырзанын кыялы деп айтсак жанылышпасак керек,Бишкек шаарынын тургуну Бактыбек Жээналиев дагы жеке менчик үй курууну кыялданып жургөн.Көп кабаттуу квартирада жашоо беш балалуу Жээналиевдердин үй-булөөсүнө жыл өткөн сайын ынгайсыз боло баштаган. Уй куруу планы ар кандай себептерден улам жылдырылып келген.Ар бир кыйынчылык жакшылыкка делгендей,пандемиядан улам карантин маалында көптөгөн жарандарыбыз квартираларынан эч жакка чыга алабай үйдө болуусу Бакытбек Жээналиевге шаардын четинен жер тилкесин сатып алууга түрткү болду.
“2020-жылдын жаз айлары биздин эсибизде коп жылдарга калса керек,анткени антисептик менен подъездеги ар бир эшиктин туткаларын тазалап турууга туура келди жана балдарыбыздын ден-соолугу үчүн аябай корктук.Ошондуктан үй куруу ишин кечендете бербей тезирээк баштайлы деп чечтик.Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Селекция айылынан жер тилкесин сатып алып, ал жакта жеке менчик турак жайдын курулуш иштерин баштадым.Өзүм курулуш тармагында эмгектенгендиктен менде заманбап энергонатыйжалуу турак жайды куруунун планы бар болчу.Көптөн бери KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын сайтынан маалыматтарды окуп,изилдеп жүргөм жана дагы программанын борордук офисине консультацияларга барып,заманбап турак жайды курууга кандай материалдарды колдонуу керектиги боюнча анык-так түшүнүгүм бар болчу”-деп Бакытбек Жээналиев бөлүшүп өттү.
Бакытбек Жээналиев KyrSEFFтин партнер банкатарынын биринен 1 миллион сомго насыя алган,ал акчаны 5 камералуу энергонатыйжалуу жана энергияны үнөмдөөчү терезе койдурганга,шыпты калындыгы 10 сантиметр болгон полиуретан менен жылуулоого,дубалдарга тыгыздыгы 1м³ га 15 кг болгон калындыгы 10 сантиметрлик пенопласт алганга,ал эми полду калындыгы 10 сантиметр болгон пенопласт менен жылуулоого жумшаган.Үй ээси 2020-жылдын декабрь айында аянты 280 чарчы метр болгон жаны үйүнө көчүп кирген жана кылынган иштин жыйынтыгына аябай ыраазы.
“Үйду жылытуу үчүн электр конвекторлорун орноттум.Албетте азыркы убакта электр энергиясынын өчурулбөшунө толук ишенууго болбойт,ошондуктан келечекте жанылануучу энергиядагы автономдуу генератор койдурууну пландап жатам,ошону менен үйүмдү энергетикалык жактан көз карандысыз кылгым келет.ЭЭ иштеринен улам үйүмдө абдан жагымдуу температура жаралды, балдарыбыз футболкачан ойноп жүрө беришет.ЭЭ мешти коюу тууралуу эч ойлонгон эмесмин,мени Бишкек шаарында түзүлгөн экологиялык кырдаал жана шаарыбыздын экологиялык жактан кир шаарлардын тизмесине киргендиги аябай өкүндүрдү. Ошондон улам ЭЭ мешин койдуруу чечимине келдим. Ар бир менчик үй ээси табиятка камкор мамиле кылуусу керек,өзүбүз,биздин балдарыбыз ошол аба менен дем алып жатканын эске алуубуз маанилүү жана акырындык мене отун менен үйлөрдү жылытууну жоюу керек деп эсептейм. Кудайга шүгүр, мамлекетибизде жер- жерлерди газга кошуу процесси жүрүп жатакандыгын эске алып, газ түтүкчөлөрун орнотуп койдум”-дейт Бакытбек Жээналиев.
Белгилеп айта кетуучу нерсе Бакытбек Жээналиев үйүндө энергияны үнөмдөөчү проекти ийгиликтүү ишке ашырып, Европа Биримдиги тарабынан 2,223,09 доллар көлөмүндөгү бонус алганга жетишти.Анын айткандарына таянсак Европа Биримдигинин гранты каарманыбызга турак жайды жылуулоого сапаттуу материалдарды колдонууга мотивация берген.Каарманыбыз замабап “жашыл чечимдер” боюнча дагы да маалымат топтоодо,себеби бул чечим турак жайынын сапатын жогорулатат,энергоресурстарды сарамжалдоого жардам берет жана албетте үй-булөөлүк чыгашаны азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт.
KyrSEFF инженерлеринин эсептөөлоөру боюнча уй куруудагы аткарылган энергонатыйжалуулук боюнча иш аракеттер ар жылы 41 554 кВт/саат үномдөөгө жана СО2 нин 27 314 килограммга кыскарышына өбөлгө болот.