
KyrSEFF Кыргызстан менен чет мамлекеттердин ортосунда соода жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шартарды түзүп берет.
«Smart Logistiс» кыргызстандын логистикалык аянтында 11 жылдан ашык иштеп келет. Ишкана 10 000 м2 кампа аянтын ар кандай товарларды сактоо максатында башка компанияларга ижарага берет.
Бишкекте ишенимдүү жана коопсуз кампаналарга болгон суроо-талаптын өсушунө байланыштуу,компаниянын жетекчилиги эски Совет маалынан калган кампаны чоңойтуп, ондоп-туздөө чечимин кабыл алышкан. Товарларды сактоо жана энергобулактарын колдонуу боюнча эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн имарат толук ондоп түздөөгө муктаж болгон.
2018 жылы «Smart Logistiс» ишканасы KyrSEFFке насыя жана акысыз техникалык кенеш кызматын алууга кайрылышкан. Инженерлер менен финансистерден турган адистер тобу инвестицияны биринчиден энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн, техникалык жана экологияга байланыштуу талаптарга ылайыктуулугун анализге алышкан. Бул тейлөө кызматынын сапатын жакшыртуу жана энергияны сарамжалдуу колдонуу боюнча долбоору өнөктөш банк KICB тарабынан кабыл алынган.

Бүгүнкү күнү аянты 8 000 м2 болгон заманбап кампа толугу менен курулуп бүттү. Анын башкаруу системалары компьютерлештирилген, андан тышкары 50гө жетпеген адамдын тейлөөсунө гана муктаж жана көптөгөн товарларды сактоо талаптарына жооп берип, Евразиялык экономикалык биримдигинин мыйзам ченемдерине шайкеш келет. Кампа ар кандай жүктөрдү сактай алган 5 катар текчелерди өзунө камтыйт. Ошондой эле мезондуу бөлүгү дагы бар, ал жакта фармацевтикалык продукциялар жана өлчөму кичинекей буюмдарды сактаганга абдан ынгайлуу.
KyrSEFFтин командасынын эсептөөлөрүнө ылайык кампаны жылылоо долбоорунун эсебиненэнергияны пайдалануун жылына 397 МВтс кыскарат. Ошону менен бирге абаны булгоочу зыяндуу газдарды чыгарууну жылына 21 тоннага азайат. Акча жагынан жалпы пайда жыл сайын 9731 АКШ долларын түзөт.
«Smart Logistiс» товарларды темир жол каттамдары менен кабыл алууга жана үзгүлтүксүз иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Бүгүнкү кундө кампада 15 вагон товар сактаса болот. Бир эле убакытта кампада 8 вагон жүк түшүрүүгө мүмкүн.
«Энергияны срамжалдуу колдонуу бизге атаандаштуулук жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Инвестицияны жардамы менен биз 3PL кызматтарын көргөзө алабыз”- деп «Smart Logistiстин» башкы директору Габибов Алиакпер билдирди.
3PL – бул товарды жеткируунун чынжыры болуп эсептелинет, ал өзунун ичине жеткирип беруу, сактоо жана кампадагы ар кандай кызматтарды камтыйт