
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын кылып жаткан иштерине БишкекСмог акциясынын уюштуруучулары – видеограф Искендер Алиев жана жарандык активист Бермет Бөрүбаева абдан кызыгууда. Алар Ага Хан Фондунун колдоосу менен #БишкекСмог аттуу даректүү тасмасын жаратуунун үстүндө иштеп жаткан учуру.
Аларга фильмди тартууда “Дүйнөнүн чатырынан чыккан үн” долбоорунун алкагында тартылган даректүү тасманын белгилүү продюсери Эндрю Ткач жардам берүүдө. Бул тасмада Бишкектеги түтүн маселеси боюнча ар кандай көз-караштар талкууланат, мисалы: Бишкектин жаңы конуштарындагы көмүрдү колдонуу, ашыкча автомобилизация, таштанды төгүүчү жай жана ЖЭБ.
«Биз экологиялык көйгөйлөрдү изилдөө менен алектенебиз. Тактап айтканда, Бишкектин көпчүлүк тургундары сыяктуу эле, бизди дагы сүйүктүү шаарыбыздын үстүнөн каптаган түтүн көйгөйү тынчсыздандырууда. Ушундай булганган абадан барыбыз дем алып жаткандыгыбыз өтө өкүнүчтүү. Көптөн бери KyrSEFFтин республикабызда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерин изилдеп, кылыган иштеринин натыйжаларын көрүп, ийгиликтүү тажрыйбаларды документалдык тасмабызга киргизүүнү чечтик ”, – дейт видеограф Искендер Алиев.
KyrSEFF командасы тасманын тартуу тобу үчүн Чүй районунун Новопавловка (Максатбек Токторалиев) айылына жана борбордун Арча-Бешик (Айнура Чокморова), Ынтымак (Алмаз Чойбеков) жана Ак-Өргө (Миргүл Казакова) конуштарында таанышуу турун уюштурду.
Алардын бардыгы KyrSEFF программасынын каржылык жана консультациялык колдоосу менен өз үйлөрүндө энергияны үнөмдөө иш-чараларын жүргүзүшүп, бүгүнкү күндө ишке ашырылган долбоордун натыйжаларын көрүп жаткан учурлары.
KyrSEFF программасынын кардарларынын энергонатыйжалуу үйлөрү алардын кошуналары, туугандары жана достору үчүн үлгү болуп калды десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндө бул фактор жарандардын аң-сезимин жогорулатууга өтө муктаж болуп турган борбор калаабыз үчүн абдан маанилүү. Убагында постсоветтик мейкиндиктеги эң жашыл шаар деп эсептелген Бишкек шаары, азыркы убакта булганган шаарлардын катарына кошулуп калгандыгы абдан кейиштүү. Бирок сүйүктүү шаарыбызга мурдагы даңкын кайтарып берүү максаты ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жашашы керек. Экологиялык тазалыкка, энергияны жана ресурстарды үнөмдөөгө кичинеден болсо дагы кадамдарды таштоо менен борбор шаарыбыздын абасын таза жана жашыл шаар аталуусуна жетишсек болот.
Искендер Алиев менен Бермет Бөрүбаева иштеп жаткан #БишкекСмог даректүү тасмасынын бет ачары 2021-жылдын ноябрь айына пландалууда.