Жаз айын – кыштын суугунан жана бүткүл Бишкекти каптаган түтүндөн кийин тосуп алуу кандай гана кубанычтуу. Быйылкы кыш экологиялык кырдаалды сактап калуу үчүн “жашыл” чечимдерди ишке ашыруу боюнча токтоосуз чараларды көрүү зарылдыгын дагы бир жолу тастыктады.

Белгилей кетүүчү жагдай, экологиянын начарлашына сенсация жараткан – ЖЭБ гана күнөөлүү эмес, негизги үлүш жеке секторлорго, борборубузду тыгыз курчоого алган жаңы имараттарга туура келет. Бардыгыбызга белгилүү болгондой турак-жайды отун жылытуу, анын жаңы партиясын талап кылууда жана бул Бишкекти каптап келе жаткан түтүндүн пайда болушуна кошумча себеп болууда.

Адистердин айтымына таянсак, эгерде бул көйгөй жакын арада чечилбей турган болсо, анда борбор калаанын жашоочулары жакынкы жылдары таза эмес абанын зыянын аябай тартчудай.

Ошону менен бирге Кыргызстан энергетика жана ресурстарды үнөмдөө боюнча жасалган иш-чаралар менен мактана албайт. Бирок буга чейин болгон көйгөйлөргө карабастан, KyrSEFF туруктуу энергетикалык каржылоо программасынын алкагында жакшы жетишкендиктерге жеткендигин белгилөө биз үчүн абдан кубанычтуу. Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы тарабынан иштелип чыккан жана Европа Биримдигинин  гранттары менен коштолгон программа жүздөгөн бактылуу үй ээлеринин үйлөрүн жылуулап, ошону менен бирге үй-бүлөлүк бюджетин үнөмдөлүшүнө, айлана-чөйрөнү сактап калууга салым кошууда.

Алмаз Чоюбеков Бишкек шаарынын Ынтымак жаңы конушунда жашайт. Ал 140 чарчы метр аянттагы үйүнө 12 жыл мурун өз колу менен жасалган жылытуу системасын орноткон. Анын айтымында, ушул убакытка чейин үйдү жылытууда көйгөйлөр жаралган эмес. Бирок, 2020-жылдын декабрь айы үй ээсинин жана анын үй-бүлөсүнүн эсинде көпкө сактала тургандай болгон.

“Кыштын кыраан чилдесинде биз өтө жагымсыз бир окуяга туш болдук, үйдөгү отун меши жарылып кетип биз үй-бүлөөбүз менен жылуулуксуз калдык. Аргасыздан аларды туугандарга көчүрүп бардым, ал эми өзүм чечим издей баштадым. Эски жылуулук системасын тактап айтканда мешти алмаштыруу керек экендигин негизи билчүмүн, бирок ошол кышта бул ишти улам артка жылдыра бергендигиме абдан өкүнүп калдым. Мешти амаштырууга жеке каражаттарыбыз жетишсиз болгондугуна байланыштуу, банктан насыя алуу үчүн кайрылып, ал жактан KyrSEFF программасынын каржылоосу жөнүндө маалымат биле алдым. KyrSEFF программасынан 140 миң сом алдым, анын 57 миңине газ мешин  орнотуп, калганын түтүктөрдү алмаштырууга жумшадым “, – дейт Алмаз Чоюбеков.

Ынтымак жаңы конушу газ менен камсыз болгон аймакка кирет, жергиликтүү тургундар көгүлтүр отту негизинен тамак-аш даярдоодо колдонушат. Бирок Европа Биримдигинин гранты менен KyrSEFFтин каржылоосунун аркасында сертификатталган меш орнотуу  менен жылуулукка колдонуу мыкты жана жеткиликтүү чечим болду.

“Газ меши экологиялык жактан кыйла таза жана ошону менен бирге үйүбүз ыңгайлуу жана жайлуу болуп калды. Азыркы убакта биздин үй энергетикалык көз карандысыздыка ээ жана электр энергиясынын өчүрүлгөнүнө карабастан, жылуулук сакталып турат. Биз өзүбүз каалаган ыңгайлуу температураны жөнгө сала алабыз жана дагы  жаратылышты булгаган түтүн чыкпайт. Мени эң кубандырган нерсе – KyrSEFF программасынын алкагында энергияны үнөмдөөчү долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн алган 20 000 сомдук грант”,деп бөлүштү Алмаз  Чоюбеков.

Дүйнөдөгү абанын сапаты боюнча  IQAir платформасынын маалыматына таяна турган болсок, 2020-жылдын декабрь айында Бишкек 246 көрсөткүчү менен ири шаарлардын арасында биринчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч абанын  сапаты боюнча “Абдан зыяндуу” категориясына киргизилген. Биздин кардарыбыз жана бул окуянын каарманы Алмаз Чоюбековдун кылган иш- аркеттери – бул өлкөнүн ар бир жаранынын колунан келе турган айлана чөйрөнү коргоонун жөнөкөй мисалы. Ошол эле учурда, жаз-жай мезгилинде энергияны үнөмдөөчү чараларды ишке ашыруу маанилүү жана эң туура, антпесе, мындай окуя ар бир адамдын башына түшүшү толук ыктымал.