Компаньон Банкы


2004 жылы «Компаньон Финансылык Группасы» катары негизделген «Компаньон Банкы» ЖАК , институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн жана бүгүнкү күндө 6,7 млрд сом активдери жана 1,6 млрд сом уставдык капиталы менен туруктуу банк болуп саналат. Компаньон Банкынын бизнести өнүктүрүү боюнча банктык продуктыларды жана кызматтарды сунуштоодо уникалдуу интеграцияланган ыкмасы Кыргызстандын элине жаратылыш ресурстарына жана өндүрүш активдерине этноэкологиялык мамилени колдонуу менен

берекелүү турмуш деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Компаньон Банкы финансылык рынокто бир кыйла кеңейди: 2017 жылдын январь айынын аягындагы абал боюнча, өлкөнүн бардык региондоурнда банктын 96 миң кардарлары, миңден көп кызматкерлери жана 109 бөлүмдөрү бар. Эл аралык бейөкмөт уюму Боорукердик Корпусу (Mercy Corps), Голландиялык өнүгүү банкы (FMO) жана Triodos Investment Management европалык инвестициялык фонду бактын акционерлери болуп саналат.

Оптима Банкы


"Оптима Банк" ААК 1992-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келет. 20 жыл ичинде банктын ийгиликтүү тарыхы бар жана кынтыксыз абройго татыктуу болду. Банктын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 50дөн ашык бөлүмдөр бар.”Оптима Банкы”-бул, жакшы баланс тзүмгө ээ болгон, диверсифицирленген насыясы жана депозит потрфелдери бар, Кыргазстандын баардык аймагын тең салмактуу камтыган, туруктуу жана стабилдүү  каржы интитуту. 20 жылдан ашык туруктуу жана активдүү иш аракеттери менен Кыргызстандагы Банк системасынын үчтүк лидерлеринин катарына кирди жана динамикалык өнүгүп жаткан алдыңкы

Банк  беделине ээ, кардарлардын жана акционерлердин кызыкчылыгын сактоочу ишенимдүү өнөктөш. Банк көптөгөн жолу “Кыргызстандын мыкты Банкы”, “Мыкты листинг Банкы”,” Жылдын Эмитенти”ж.б. наамдардын лидери болгон. “Оптима Банк” ААК жеке жана юридикалык жактарга банк кызматынын толук спектрин: банк эсебин ачуу, акча которуу, коммуналдык жана байланыш кызматтары үчүн төлөмдөрдү алуу, кассалык оперцияларды, сейфти ижарага берүү, депозиттер, төлөм картасы, конвертациялоо, баалуу кагаздар менен оперцияларды жүргүзүү жана башка көптөгөн кызматтарды  сунуш кылат

fmcc_ru_new

Биринчи МикроФинансылык Компания


ЖАК “Биринчи МикроФинансылык Компания” 2006-жылы Ага Хан Микрокаржылоо Агенттиги (АКАМ) тарабынан уюштурулган. Компаниянын Миссиясы иш менен камсыздоону жогорулатуу боюнча жеткилектүү кредиттик кызматтарды камсыздоону, ишкердүлүкө жардам көрсөтүүнү жана ошондой эле калкты социалдык тараптан мобилизациялоону

камтыйт. Компаниянын максаты бул социалдык тараптан жабыркаган калктын санын азайтуу жана кардарлардын социалдык-экономикалык жашоосун жакшыртууга жардам көрсөтүү. ЖАК “Биринчи МФК” Ош шаарында негизделген, жана 13 филиал аркылуу (Ош жана Нарын областарында) элге өз кызматын көрсөтүп келет.

«Бай – Түшүм» Банкы


ACDI/VOCA америкалык НПО тарабынан жүргүзүлгөн, «Food for Progress» монетизациялоо программасынын чегинде эл аралык долбоор катары 1997-жылы өзүнүн иш-аракеттерин баштоо менен финансы рыногунда Жабык акционердик коом «Бай – Түшүм» Банкы 2000-жылдан тартып иштеп келе жатат. 13 жылдан бери иштеген уюм, 130 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири финансы интитуттардын бири болуп калды.

2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм», Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан толук банк лицензиясын алган Борбордук Азиядагы биринчи Микрофинансы уюму болду.  «Бай-Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармакка ээ болуу менен ал Кыргыз Республикасынын калкына каржы кызматын тереңдетүүгө өбөлгө түзүү менен бүтүндөй өлкө боюнча ишкерлерге каржы кызматынын толук тармагын тартуулайт. Бүгүнкү күндө Банктын филиалдык тармагы 7 филиалдан, 45 сберкассадан жана 11 өкүлдүк офистерден турат.

Кыргыз Инвестициялык-Насыя Банкы


2001-жылы расмий түрдө ачылгандан кийин Кыргыз Инвестициялык-Насыя Банкы (KICB) жеке , ошондой эле чакан, орто жана ири бизнес кардарлары үчүн толук кандуу банктык тейлөө кызматын көрсөтүүчү өлкөдөгү алдыңкы коммерциялык банкы болуп калды.  Банк насыянын түрлөрүн, турак жай сатып алуу үчүн ипотека насыясы, билим алуу үчүн насыя, тамды жылуулап,

энергиясын сактап калуу үчүн насыя берип турат.  KIСB банкынын бүткүл өлкө боюнча 9 филиалы жана 13 бөлүмү бар. Тунуктук жана ишенимдүүлүк, жогорку сапаттагы тейлөө жана профессионалдуулук менен KICB Кыргызстандын алдыңкы үч банкынын катарына кире алды. Банк акционерлери болуп эл аралык каржы институттары жана Кыргыз Республикасы чыгат. 

Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы


Демир Кыргыз Интернэшнл Банк 2004-жылдан бери “Кыргызстандагы жылдын Банкы” наамын беш жолу алып, андан тышкары түзүлгөн 1997-жылдан тарта ар түрдүү башка сыйлыктарга ээ болуп келет. Учурда Банк актив, капитал жана киреше көлөмү боюнча Кыргызстандын банк секторундагы ири беш коомерциялык банктардын курамына кирет.  Демир Банкы ар

түрдүү чекене банктык тейлөө кызматын сунуш кылып, кардарларына коопсуз жана ыңгайлуу сервисин тартуулайт. Мындан тышкары Демир Банкы корпоративдик, ошондой эле чакан жана орто ишкана кардарлары үчүн насыя боюнча тейлөө кызматын көрсөтөт. Ал эми зайымчы кардарлар менен Демир Банкы узак мөөнөттүү өнөктөш мамилесин түзүп иш алып барат.