KyrSEFF массалык маалымат каражаттары жана блогерлердин арасында республикалык сынак жарыялайт
February 26, 2018

Жалал-Абад шаарында «Жашыл технологияны колдонуу менен кантип натыйжалуу бизнес жүргүзүүгө болот?» аттуу жазгы сессия өткөрүлөт

Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо долбоору (KyrSEFF) Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы (EBRD) жана Европа биримдигинин (EU) колдоосу менен өткөрүүлүчү “Жашыл технологияны колдонуу менен кантип натыйжалуу бизнес жүргүзүүгө болот?” аттуу жазгы сессиясына чакырат.

 

Иш чаранын негизги максаты – өлкөнүн түштүк регионундагы ишкерлерге ресурс жана энергия үнөмдөөчү заманбап технологиялар жөнүндө маалымат берүү. Ошондой эле KyrSEFF долбоорунун ыңгайлуу насыя жана ага Европа биримдиги тарабынан каржыланган грант түрүндөгү жеӊилдик системасы менен тааныштыруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө KyrSEFFтин мүмкүнчүлүктөрү менен Кыргызстандын баардык областарынан 1400дөн ашык кардар колдонгон, анын ичинде 104 жеке ишкер. Андан тышкары 2013-жылдан тартып KyrSEFF программасы тарабынан кардардарга 32 млн. АКШ долларынан ашуун суммага каржылануу корсотулгон жана 3,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант берилгендигин белгилей кетүү зарыл.

 

Сессияда негизги каралуучу маселелер төмөндөгүлөр:

  • Өлкөнүн экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди изилдөө (сууну үнөмдөөчү технологиялары, тазалоо курулуштары жана энергонатыйжалуу күнөсканалар).
  • KyrSEFF программасынын алкагында энергияны жана ресурстарды эффективдүү колдонууга багытталган инвестициялык чечимдер менен тааныштыруу.
  • Кыргызстандагы «жашыл» технологияларды изилдөө жана алардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу.
  • Жабдуулар менен камсыздоочу компаниялар.

 

Жазгы сессия өлкөбүздүн түштүгүндөгү чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн жогоруда айтылган маалыматтар менен тааныштыруудан тышкары өз ара шериктештик куруу үчүн да аянтча болуп бермекчи.

Иш-чарага белгилүү эл аралык уюмдардын, мамлекеттик мекеме-ишканалардын, айыл чарба, өнөр жай, мейманкана кызматы жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышат.

 

Иш-чаранын программасы бул шилтемеде.

 

Kүнү жана убактысы: 20 апрель 2018 года, 09:30-14:00

Орду: Жалал-Абад шаары, Спутник мкр., «Багери» рестораны

Катталуу: Иш-чарага катышууңузду 2018 жылдын 18 апрелине чейин  +996 312 90 12 17 телефону же  аркылуу info@kyrseff.kg ырастап берүүңүздү суранабыз.