Апталык экономикалык обзор
February 21, 2018
Жашыл технологияны колдонуу менен кантип натыйжалуу бизнес жүргүзүүгө болот?
April 13, 2018

Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы (EBRD) жана Европа биримдигинин (EU) колдоосу менен Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы (KyrSEFF) Кыргызстандындагы ресурстук натыйжалуулукту мыкты чагылдыруу боюнча массалык маалымат каражаттары, интернет каражаттары жана блогерлердин арасында республикалык сынак жарыялайт.

 

Конкурс “Кыргыз Республикасындагы ресурстардын натыйжалуулугу: баяндар, көйгөйлөр, ийгиликтер” темасынын алкагында өтөрүлөт. Сынак энергияны, суу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын ошондой эле материалдык-техникалык, каржылык жана эмгек ресурсттарын калк арасында натыйжалуу колдонууга үгүттөө, бардык кызыкдар тараптар үчүн ресурстарды үнөмдөөчү жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралары боюнча кызыгуусун жаратуу жана өөрчү, ийгиликтүү баяндарды жана мыкты тажрыйбаларды жайылтууга көмөктөшүү жана журналисттердин арасында кесипкөйлүктү сактоо максатында өткөрүлөт.

 

Сынактын этаптары:

Сынактын женүүчүлөрүн аныктоо үч этапта өтөт:

  • I-этап – 16 ноябрь, 2017 – 31 декабрь, 2017
  • II-этап – 1 май, 2018 – 28 февраль, 2018
  • III-этап – 1 март, 2018 – 1 май, 2018

 

Сыйлыктар

а) Ар бир этапта сынак материалдары 2 номинациянын 4 категориясынын арасында каралат (жалпысынан 24 сыйлык):

 

  • «Темага берилгендиги үчүн»

Номинация теле, радио, басма сөз, интернет басылмаларын сайттарына же социалдык тармактарда маалымат агенттерине ресурстук жана энергиянын натыйжалуулугу темасында жарыяланган материалдарды толук жана системалуу түрдө чагылдырылганы үчүн ыйгарылат (5тен кем эмес)

  • «Темага берилгендиги үчүн» (радио) – 20 000 сом
  • «Темага берилгендиги үчүн» (TV) – 20 000 сом
  • «Темага берилгендиги үчүн» (басма сөз басылмасы) – 20 000 сом
  • «Темага берилгендиги үчүн» (интернет басылмасы) – 20 000 сом

 

  • «Чеберчилиги менен кесипкөйлүгүн үчүн»

Номинация журналисттер жана блогерлер арасында Кыргызстанда энергияны сактоо жана ресурстарды натыйжалуу колдонуу маселесин чагылдырылган мааалымат материалдарына (радио, теле, басма жана он-лайн) же материалдардын сериясына ыйгарылат.

  • «Чеберчилиги менен кесипкөйлүгүн үчүн» (радио баяндама) – 24 000 сом
  • «Чеберчилиги менен кесипкөйлүгүн үчүн» (телекөрсөтүү) – 24 000 сом
  • «Чеберчилиги менен кесипкөйлүгүн үчүн» (басма макала) – 24 000 сом
  • «Чеберчилиги менен кесипкөйлүгүн үчүн» (он-лайн макала) – 24 000 сом

 

б) Калыстар тобу үч этаптын негизинде атайын номинация байге ыйгарат:

 

  • «Жаңылык жана актуалдуулугу үчүн»

Энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү новатордук технологиялар жөнүндө көйгөйлүү жана актуалдуу материалдардын сериясы үчүн (3төн кем эмес материалдар) ыйгарылат.

 

  • «Теманы чагылдырууда белгилүүлүгү үчүн»

Бардык сынактын материалдары коомдук желелерининде добуш берүү негизинде номинацияга катышууга мүмкүн. Энергияны үнөмдөө, энергиянын жана ресурстук натыйжалуулукту темасын ар тараптуу жана кеңири чагылдыргандыгы үчүн ыйгарылат.

 

Катышуу шарттары

Кыргыз жана орус тилдеринде 2017 жылдын 16 ноябрынан тартып 2018 жылдын 1 майына чейин жарыкка чыккан материалдар сынакка катыша алат.

 

Ким катыша алат

Сынакта улуттук жана жергиликтүү теле-, радио, маалымат агенттиктер жана интернет басылмалары жана журналисттери, көз каранды эмес журналисттер, блогерлер сынакка катыша алат.

 

I, II жана III этаптардын утуучуларынын сыйлоо аземи эки ай сайын, 2018 жылдын январь, март жана май айларында өтөт.

 

Сынакты шарттары боюнча көбүрөөк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: https://goo.gl/X3TqYH .

 

Кошумча маалымат алуу үчүн:

  • pr@kyrseff.kg электрондук почтага кат жөнөтүнүз,
  • же +996 312 90 17 телефон номуруна чалсаныз болот.